UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов карантин талаптарын сактоого үндөдү

Мушташтын аралаш түрү боюнча UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедов бардык адамдарды карантин талаптарын сактоого үндөдү.

Ал өз кайрылуусун инстаграмда жарыялады. Нурмагомедов коронавирусту жеңип чыгуу үчүн баарын биригүүгө жана тартипти сактоого чакырды.

«Ооруну биргеликте гана жеңе алабыз, сураныч, врачтардын талаптарын аткарыңыздар», — деп билдирди Нурмагомедов кайрылуусунда.

Ошондой эле ал мусулмандарды Орозо айт майрамын конок күтпөй жана конокко барбай үйдөн тосууга чакырды.

«Менин 20дан ашык тууганым реанимацияда жаткан. Көптөгөн тааныштарым каза болду. Улууларды ойлогула, врачтардын талаптарын сактап, үйдө отуруп, майрамда конокко барбагыла», — деп үндөдү спортчу.

Мындан тышкары, мушкер COVID-19 жуктуруп алган атасы Абдулманап Нурмагомедовдун абалы тууралуу да айтып берди. Спортчунун атасы оор абалда, ага коронавирустан улам экинчи жолу жүрөгүнөн операция жасалган.