Бишкектик врач коронавирус менен кантип ооруп чыкканы тууралуу айтып берди

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун (БҮМБ) директорунун орун басары Диляра Искаковада коронавирус аныкталган. Учурда ал айыгып чыккан. Ал бизге башынан өткөн окуясын айтып берди.

«Табитим начарлап, эч нерсе иче албай да, жей албай да калгам. Ушунчалык алсыз болгонум үчүн башымды да көтөрө албай калгам. Өзүмө жер таба албай калгам, анткени дем алуу оор болгон. Көкүрөк ооруп, мунун баары бир нече күн созулду. Абдан эле кыйын болду», — дейт дарыгер.

Искакова COVID-19 — бул олуттуу, ал тургай эң жаман оору дейт.

«[Бул оору] кары адамдарда гана оор өтөт деп айтышат. Бирок, [ооруну] өтө оор өткөрүп жаткан жаштар да бар», — дейт ал.

Искакова инфекциясы бар бейтаптар менен иштеген, андыктан, ал жакындарына оору жугузуп албайын деп алар менен байланышпай калган.

«Туугандарыма жуктуруп аламбы деп алардан обочолонууга аракет кылдым. Мен өзүнчө жашадым. Өзүнчө тамак жегенге аракет кылдым. Туугандарымды коргоюн дедим. Кудайга шүгүр, туугандарымдын дени сак», — деп айтып берди ал.

Дарыгер кыргызстандыктарды «кеч боло электе» санитардык эрежелерди сактап жүрүүгө чакырды.

«Эгер өзүңүзгө же жакындарыңызга оору жуктуруп алсаңыз, андан кийин кеч болуп калат. Негизинен бул оңой эле — беткап тагынып жүрүү, ар бир эки саат сайын алмаштыруу, колду жууп туруу, аралыкты сактап, чүчкүрүп жана жөтөлүп жаткандар менен байланышпоого аракет кылуу», — дейт ал.