Кыргызстанда дагы 19 бейтап коронавирустан айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 21-майда өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 19 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарныда — 8, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 4 жана Баткен облусунда эки бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын жалпы саны 1313 адамды түздү. Алардын ичинен он төртү каза болду, 929 бейтап айыкты — бул оорулуулардын дээрлик 70 пайызын түзөт. Ошондой эле COVID-19ду жуктуруп алган 270 медкызматкердин 223ү айыгып, ишин улантып жатат.

Учурда ооруканаларда 370 адам дарыланып жатат — алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.