Нарын облусунда тыштан келген үч учурдун айынан коронавирус жуктуруу тутанып кеткен — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-майда брифингде Нарын облусунда коронавирус жуктурган бир кишинин айынан бүтүндөй райондо вирус кулач жайганын билдирди.

«Уюмдардын биринин кызматкери жумушу менен Ак-Тала районуна барып, жолугушуу өткөрүп, бир нече адамга жугузган, алардын арасында улгайган адамдар менен мектеп окуучулары бар. Эгер олуттуу карашканда ооругандар аз болмок. Бир инфекция булагы бүтүндөй райондо көйгөй аратты. Нарын облусунда болгону тыштан кирген үч учур бар, бирок бүгүнкү күндө ал жакта жуктуруунун 242 лабораториялык тастыкталган учуру бар», — деди министрдин орун басары.

Үсөнбаев кыргызстандыктарды COVID-19га олуттуу кароону, андан тышкары, вируска чалдыгууга жол бербөө үчүн тазалык эрежелерин жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-майда Республикалык штабдын жыйынында Нарында эпидемиологиялык абал оор бойдон калып атканын билдирген.

22-майга карата республика боюнча инфекция жуктуруунун 37 жаңы учуру катталды, жалпы — 1350 учур.