Ошто баңгизат жүгүртүү менен алектенген топтун мүчөсү кармалды — ИИМ

Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ошто баңгизат менен алектенген активдүү топтун мүчөсү кармалганын маалымдады. Пресс релизге ылайык, шектүү Оштогу кызматкерлер тарабынан атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.

ИИМден анын жанынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин табылганы кабарланды. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Аталган факты Жазык кодексинин «Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.