3 млн сомго бааланып тургузулган Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгалар түшүп калды

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкектин тургуну Владимир Цай Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин сүрөтүн жарыялады. Анда монументтин үч тамгасы түшүп калганын көрүүгө болот. Цайдын айтымында, тамгалар эки тараптуу скотч менен жабыштырылган.

Бирок, Бишкек мэриясынан эстеликтин тамгаларын белгисиз бүлдүргүчтөр жулуп алышканын билдиришти.

«Тамгаларды курч нерсе чукуп кесип алышкан», — деп билдиришти «Клоопко» Бишкек шаарынын мэриясынан.

Вице-мэр Мирлан Амантуров бүлдүргүчтөрдү издөө үчүн Биринчи май районунун башчысы менен «Бишкекасфальтсервистин» жетекчисине УКМКга жана милицияга арыз жазууну тапшырды.

Ошондой эле мэриядан бул тамгалар убактылуу гана экенин жана алар жазуулар оюлуп жазылган габбролук плитага алмаштырылаарын кошумчалашты.

2020-жылдын 9-январында «Бишкекасфальтсервис» эстелик жасоо үчүн тендер жарыялаган. Тендерге ылайык, эстелик 3 млн сомго бааланган. Бирок тендер жокко чыгарылгандыктан, эстеликтин акыркы баасы белгилүү эмес.

Түлөбердиевдин эстелиги ушул эле аталыштагы парктын аймагында орнотулган. Бул парктын аянты 10 гектарды түзүп, анын курулуш иштерине 48 млн сом сарпталган. Парктын реконструкциясы 4-майда аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул эстеликти Жеңиш күнүнө карата 7-майда ачкан.