Чек арадагы чырдан улам өрттөнгөн үйдү кыргыз тарап калыбына келтирет

Сүрөт: «Азаттык» Үналгысы

11-май күнү Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү болуп өттү. Анда талашка түшкөн жердин маселесин чечип алуу, такталбаган аймакта чыккан жаңжалдан улам өрттөнүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү маселелери каралган.

Жолугушууга катышкан Баткен районунун акими Каланбек Маркаев «Азаттыкка» Көк-Таш айылындагы өрттөнгөн турак жайды кыргыз тарап калыбына келтирип берээрин билдирди. Анын айтымында, учурда материалдык зыян эсептелип жатат.

«Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, чырдын алдын алуу маселесин талкууладык. Макулдашуу абалды турукташтыруу багытында эле болду. Талаш жердин маселеси да айтылды», — деген ал.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» чыр-чатактын кесепетинен өрттөнүп кеткен үйдү калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатканын тастыктады.

«Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштап, үйдү күз айларына бүткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми эки тараптын тиешелүү органдары учурда кандай зыян ким тарабынан болгонун, кокустук же атайын өрттөгөнүн да азыр иликтеп жатышат», — деди ал.

Мажитовдордун жаңы курулган үйү

8-май күнү Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөнүп кеткен. Үйдүн ээси Абдраим Мажитов «Азаттыкка» курган маегинде ал жерде 30 жылдан бери жашап, 11 баласын үй-жайлуу кылып, ал эми өрттөнгөн үйдү эң кичүү уулуна жакында эле насыя алып куруп бүткөнүн айткан.

Ал эми анын жубайы колдо килем согуп акча табаарын, жакында эле баласы үчүн да даярдап берген жаңы килемдердин үй менен кошо өрттөнүп кеткенин айтып кейиген.

«Кол менен килем согуп, базарга сатып жүрүп, балама үй кылдык эле. Банктан да акча алган элек. Баламдын үйүнө деп эки араб килемин эки сокмо даярдап берген элем. Буюмдары, азык-оокаттары баары күл болду эми. Ушул кантип болсун. "Кошуна — түбөлүк" деп айтылат, бир дубал нары турушат. Сууну бизден алышат. Анан ушул кылгандары жакшыбы?», — деген ал.

Жаңжалда жалпы алты адам жарадар болдгон — төрт кыргызстандык жана эки тажикстандык. Чыккан чырдын себеби боюнча эки тараптын версиялары ар башка.