Индиядан Бишкекке 22 кыргызстандык кайтып келди

Республикалык штаб «Air India» чартер каттамы менен 22 кыргызстандык кайтып келгенин кабарлады. Алардын көбү дарылануу үчүн Индияда жүрүшкөн.

Индиянын бийлиги өз жарандарын чыгарып кетүү үчүн Кыргызстандан Дели — Бишкек — Дели маршруту боюнча каттамын уюуштурган. Кыргыз өкмөтү Индия тарап менен ушул эле каттамдын жардамы менен кыргызстандыктарды ала келүү боюнча макулдашкан.

«Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды», — деп жазат штаб.

Бул пандемия башталгандан бери кыргызстандыктардын Индиядан кайтып келгендеги үчүнчү учуру. 4-апрелде казак бийлигинин жардамы менен Кыргызстанга 15 жаран алынып келинген. Март айынын ортосунда ТИМ Индиядан келген мекендештерди Алматадан алып кеткен.

Мурдараак бул кыргызстандыктар өкмөттөн жардам сурап кайрылуу жаздырышкан. Алардын камсыздандыруу барактары аяктап, айрымдарында кайра кайтуу үчүн билетке акчалары калбай калган.