Ош шаарынын бюджетине карантин убагында 100 миллион сомдон ашуун каражат түшпөй калды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарагандай, апрель айында жергиликтүү бюджетке пландалган 102 миллион сомдон 37,7 миллион сому гана жыйылды. Ал эми калган каражат казынага өзгөчө абалдан улам түшпөй калды.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев март айында бюджетке 39 миллион сом түшпөй калганын маалымдаган. Ушуну менен 1,5 ай карантин убагында бийлик 103,5 млн сомдон кур калды.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу калаадагы ишкерлердин жумушу токтоп, салык төлөмдөр кескин кыскарып кеткен. Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынын бюджетинин 86,7 пайызы салыктардын эсебинен жыйналат.

Үстүбүздөгү жылдын башында Оштун бюджетинин көлөмү 1 325 613 000 сомду түзгөн, бирок мэриянын алдын ала эсептөөлөрү боюнча жергиликтүү бюджетке жалпы 150 млн сомдой каражат түшпөй калышы күтүлүүдө.

Мэриянын адистери иштеп чыккан антикризистик программага ылайык, кээ бир иш чараларга бөлүнгөн каражаттардын өлчөмү кыскарып, ошонун эсебинен бюджеттин дефицити толукталат. Мисалы жергиликтүү бюджеттен спортивдик иш-чаралар үчүн гана 30 миллион сом каралган, бирок марттын башында эле массалык иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Мэрия спорттук иш чараларга кошумча, майрамдарды өткөрүү үчүн бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөөнү пландап жатат, себеби бул жылы Нооруз жана Жеңиш күнү майрамдары өткөрүүгө тыюу салынды. Ошондой эле жергиликтүү бийлик 1-4 класстагы окуучулардын тамак-ашка каражаттарды бөлүүнү токтоткону жатат — себеби төртүнчү чейректи окуучулар онлайн окушат.

Антикризистик программага байланыштуу июнь айында Ош шаардык кеңешинин депутаттары жергиликтүү бюджетти кайрадан карап чыгаары айтылды.