«Ош-Тазалык» ишканасы өзүн-өзү каржылай албай калгандыктан мэрия 7 млн сом бөлөт

Сүрөт: «Ош-Тазалык» ишканасынын фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарынын мэриясы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына 7 млн сом бөлүп берет. Вице-мэр Асылбек Топчубаевдин айтымында, карантинге байланыштуу коммуналдык жыйым 50 пайызга чогулбай калды.

Бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү ишкананын кызматкерлерине маяна төлөп берүү үчүн сарпталат. Калган бөлүгү унаалар үчүн тетиктерди сатып алууга жана залалсыздандыруу иштерине жумшалмакчы.

Вице-мэрдин айтымында, 11-майда шаардык кеңеш «Ош-Тазалыкка» каражат бөлүүнү колдоп берди.

«“Ош-Тазалык” ишканасына көчө шыпырууга, кышта карды күрөөгө, арыктарды тазалоого мэриядан төрт квартал сайын акча бөлүнүп турчу. Анын биринчи кварталдагысы берилген, ал эми калган кварталда каралган акча ушул учурда бөлүнөт», — деди ал.

Топчубаев эгерде муниципалдык ишканага дагы каражат керек болуп калса мэрия бюджеттен кайра карап көрөт деп кошумчалады.

Топчубаевдин айтымында, карантин убагында таштандынын көлөмү өзгөрүүсүз калган. Карантинге чейин шаардыктар кафе, ресторан, чайханалардан тамактанып жүрсө, азыр үйлөрүндө тамактанышууда. Ошол себептүү таштанды да мурункудай эле көлөмдө чыгарылып жатат.

Мурдараак «Азаттык» үналгысына «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов жергиликтүү бийликтен 10 млн сом сурап кайрылгандыгын маалымдаган. Исмаилов бул каражат ишканага күйүүчү май сатып алууга жумшала тургандыгын айткан. Ошондой эле Исмаилов ишкана күйүүчү майды «Россия Нефть» компаниясынан март айынан бери карызга алып жаткандыгын кошумчалаган.

Ош шаарынын казынасы да жукарды

Ош шаарында өзгөчө абал режими 25-марттан 10-майга чейин киргизилди. Бул аралыкта көптөгөн ишканалар убактылуу ишин токтотууга аргасыз болду. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу калаадагы ишкерлердин жумушу токтоп, салык төлөмдөр кескин кыскарып кеткен.

11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал сакталып калды. Бирок бир нече тармактын ишине уруксат берилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарагандай, апрель айында жергиликтүү бюджетке пландалган 102 миллион сомдон 37,7 миллион сому гана жыйылды.

Буга чейин мэр Таалайбек Сарыбашев март айында бюджетке 39 миллион сом түшпөй калганын маалымдаган. Ушуну менен 1,5 ай карантин убагында бийлик 103,5 млн сомдон кур калды.

Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарынын бюджетинин 86,7 пайызы салыктардын эсебинен жыйналат. Жыл башында шаардык бюджетинин көлөмү 1 325 613 000 сомду түзгөн, бирок мэриянын алдын ала эсептөөлөрү боюнча жергиликтүү бюджетке жалпы 150 млн сомдой каражат түшпөй калышы күтүлүүдө.