Финпол Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкерин кармады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдады. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттин дирекциясынын үч кызматкери кармалды, ал эми мамлекетке келитирилген зыян ондогон миллион сомго бааланууда.

*Бишкек — Ош автожолу мамлекеттик дирекциясы Транспорт жана жолдор министрлигинин бөлүмү болуп эсептелет.

Финполдун маалыматы боюнча, «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарынын айрым кызматкерлери 2018-жылдан тарта транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн көзөмөлдөө жана төлөмдөрдү алуу боюнча автоматташтырылган системасына туура эмес маалыматтарды киргизип келишкен.

«Алар чет элдик транспорттун чыккан жерин өзгөртүп, унаанын габариттерин азайтып, ошол эле кезде өтүү акысын бекитилген тарифке ылайык алып турушкан. Автоматташтырылган системага алар сумманы кыйла азайтып, туура эмес маалымат киргизип, ал эми айырмасын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан», — деп билдиришти Финполдон.

Автоматташтырылган системага өзгөртүүлөрдү киргизүү схемасы. Сүрөт: Финпол

Ведомствонун маалыматы боюнча, мунун баары «Мамдирекциянын жогорку кызматтагы адамдарынын жол берүүчүлүгү жана колдоосу» менен болгон. Аларга өткөрмө пунктундагы бардык маалыматтар автоматтык түрдө келип турган — мамномери жазылган транспорттун түрү жана бюджетке алынуучу төлөм. Бирок, туура эмес киргизилип жаткан маалыматтарга жана мыйзам бузууларды көрүп туруп Мамдирекциянын кызматкерлери эч нерсе кылбай жана эч бир чара көрүшкөн эмес.

«Маалыматтарды бурмалоо жана өтүүнүн факт жүзүндө бекилген баасын азайтуу менен алар 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына дейре бюджетке алдын ала бир стационардык пост боюнча гана 10 млн сомдон ашуун зыян тийгизишкен», — деп белгилешти ведомстводон.

Аталган факт боюнча Финпол 26-майда Бишкек — Ош мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкерин кармап, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизди.

«Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү жогоруда аталган кызматтагы адамдардын ичинен тиешеси бар болгондорун аныктоо максатында сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мындан аркы текшерүүчү тергөө аракеттери жүрүп жатат», — деп билдиришти ведомстводон.