Прокуратура Кеминде кыздын өлүмүнө шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратты

Чүй облустук прокуратурасы Кемин райсотунун чечиминин үстүнөн даттанып, 14 жаштагы кызды зордуктоо жана өлтүрүүгө шектүүгө карата өкүмдү катаалдантты. Эми ал өмүр бою эркинен ажыратылат.

Прокуратуранын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев 24.kg басылмасына «мамайыптоо соттун мурдагы чечимин жеңил деген чечимге келгенин» айтып берген.

«Экинчи инстанциянын өкүмү жарыя кылынгандан кийин токтоосуз күчүнө кирет. Прокуратура жабырлануучу катары жашы жете электер өтүп жаткан бардык иштер боюнча акыйкат жазага жетишүүгө аракет кылат», — деди Тагаев.

Буга чейин Кемин соту шектүүнү Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 3,4,5 жана 9-пункттары боюнча 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган — Кемин райондук прокуратурасынан «Клоопко» ушинтип билдиришти.

2019-жылдын 20-сентябрында Кемин районунда14 жаштагы кыз жоголгон. Анын чоң апасы бул тууралуу милицияга 22-сентябрда кабарлаган.

Ошол эле күнү кыздын бир топ залал келтирилген денеси каралбай калган үйдө табылган. Чүй ОИИБинин жана Кемин РИИБинин кызматкерлери жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектеп Кашкелең айылынын 20 жаштагы тургунун кармашкан. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону белгилүү болгон.

«Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 20-сентябрь күнү болжолдуу саат 21:30да арам ойлуу мас абалында Кеминдин көчөлөрүнүн биринде жашы жете элек кызды жолуктурат. Ал аны күчкө салып, зордуктоо максатында каралбай калган имаратка алып барган. Бирок кыз каршылык көрсөтүп баштаганда кармалган адам анын денесине көптөгөн залалдарды келтире баштап, натыйжада кыз каза тапкан», — деп билдирген милиция 24.kg маалымат агенттигине.