Оренбургдан келген 10 кош бойлуу аялда коронавирус аныкталды

Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Бузулук районунан келген кыргызстандыктардын арасында 21 адамдан COVID-19 табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-майда билдирди.

«Бузулуктан автобустарда келген мекендештердин 21инде коронавирус аныкталган. Алардын ичинде 10 кош бойлуу жана 10 студент бар», — деди Үсөнбаев.

24-майда Бузулук районунан Кыргыстанга 413 жаран кайткан. Бузулуктагы кыргызстандыктар чек арадан өтө албай эки жумадан ашуун талаада жашоого аргасыз болушкан.

Кыргыз жарандары бийликтегилерге бир нече жолу кайрылуу жолдоп, мекенге кетүүгө жардам берүүнү суранышкан. Буга байланыштуу ТИМ Казакстандын бийлигине Орусиядагы кыргызстандыктарды кайтаруу үчүн чек араны ачып берүү тууралуу нота жиберген.

Казакстандын бийлиги Орусияда калган кыргызстандыктарды өзүнүн аймагынан өткөрүүгө макулдугун берген. Мекендештерди кайтаруу үчүн Оренбургдан тогуз автобус уюштурулган.

ТИМ башында 448 кыргызстандык автобустар аркылуу келет деген. Бирок кээ бирлерин документтеринде көйгөйлөр жаралганынан улам Орусиядан чыга алышбай калышкан. Алардын ичинде Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар жана Тажикстандын жарандары болгон.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.