Оренбург облусундагы 448 кыргызстандык мекенине кайтууда

Орусиянын Оренбург облусундагы мигранттардын лагери. Сүрөт: «Азыркы учур»

Орусиянын Оренбург облусундагы Бузулук аймагынан 448 кыргызстандык Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов 22-майда билдирди. Элчиликтин маалыматына ылайык, Оренбург облусундагы Бузулук аймагында жана Соль-Илецк шаарында кыргыз жарандары калган жок.

Бузулуктагы кыргызстандыктар чек арадан өтө албай талаада жашоого аргасыз болушкан. Облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмгек мигранттары үчүн чатыр жана төшөнчүлөрдү алып келип берген.

Мекендештерди кайтаруу үчүн Оренбург шаарынан тогуз автобус уюштурулган. Буга чейин Казакстандын бийлиги Орусияда калган кыргызстандыктарды өзүнүн аймагынан өткөрүүгө макулдугун берген.

Май айынын башында Соль-Илецк шаарынан 500дөн ашык кыргызстандык транспорт менен алып келинген. Алар Кыргызстанга кайтышы менен Чүй облусундагы «Семетей» обсервациясына (мурунку «Ганси» авиабазасы) алынган. 22-майга карата Соль-Илецк шаарынан кайткан кыргызстандыктардын 105и коронавируска чалдыкканы аныкталды.

Буга карабастан обсервацияда жайгашкан 400дөн ашуун кыргызстандык аларды үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышкан. Нааразычылык акция учурунда обсервацияга алынган кыргызстандыктар медиктерге кол салганы да кабарланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон 19 адам калтырылып, калгандары обсервациядан үй карантинине жөнөтүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, коё берилген кыргызстандыктардын баарынын коронавируска тапшырган анализдери терс чыккан.

Буга карабастан 18-май күнү Талас облусунун бийлиги Соль-Илецктен үйүнө кайтып келген 51 таластыкты кайрадан обсервацияга жайгаштырган. Жаңыдан обсервацияга жайгаштырылган жарандар обсервациядагы шарттарына нааразычылык билдиришкен. Бирок өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тургундар нааразычылыкты уланта берсе, обсервацияны милициянын убактылуу кармоочу жайында уюштура турганын билдирген.