Казакстан Орусиядагы кыргыз мигранттарын өз аймагы аркылуу өткөрүүгө макул болду

Казакстан Орусиядан келе албай жаткан Кыргызстандын жарандарына чек арасын ачып, жүргүнчү ташыган транспорттор үчүн карым-катнашсыз транзиттик коридор уюштуруп берет. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Учурда Кыргызстан тараптан транспортту камсыздоо маселелери чечилип жатат. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарапка бардык тараптан көмөктөшүүгө даяр», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Буга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Тышкы иштер министрлигине Орусиядагы кыргыз жарандарын алып келүү үчүн транзиттик коридор уюштуруп берүү боюнча нота жөнөткөн.

Эки жума мурун Бишкекке Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан 500дөн ашык кыргызстандык транспорт менен алып келинген. Бирок автобуска бардык каалоочулар батпай калган. Ошол маалда эле Бузулук аймагында жүздөгөн мигранттар чогулуп, Кыргызстанга кетүүгө кам көрө башташкан. Чогулгандарга кийин Москвадан келгендер дагы кошулган. Ал ортодо Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги хостелдерге жайгаштырылып, түнөк менен камсыздалгандар дагы такси менен барып алышканын билдирген.

Бузулук районундагы кыргызстандыктар талаада жашоого аргасыз. Облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмгек мигранттары үчүн чатыр жана төшөнчүлөрдү алып келип берген. Элчи Аликбек Жекшенкулов «Азаттык» үналгысына курган маегинде Бузулуктагы кыргыз жарандарын алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган.

Ошондой эле, 17-майда Москва — Бишкек багыты боюнча 400дөн ашык орунга ылайыкталган учак 30дай орунга толбостон Бишкекке сапар алган. Москвадан аталган рейс менен уча албай калгандар алардын ордуна жаш эле улан-кыздар учуп кеткенин айтып нааразычылыктарын билдиришти. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси жана жардам берүү штабы кийинки уюштурула турчу каттам менен кош бойлуу, эмчек эмизген аялдар менен кары-картаңдар гана учат деп ишендиришүүдө.