Республикалык инфекциялык ооруканада жалпы 19 медик COVID-19га чалдыкты

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Kaktus.Media басылмасына пандемия мезгилинде мекеменин 19 кызматкеринде COVID-19 тастыкталганын айтып берди.

Аалиевдин айтымында, коронавирус инфекциясын беш врач, беш медайым жана тогуз кенже медкызматкери жуктурган.

«Себептери ар башка. Алардын арасында, биринчиден, бул бейтаптардын массалык түшүүсү. Экинчиден, эс алуусуз узакка иштөө да таасир этти. Балким, кызматкерлерибиздин иммунитети түшүп да кеткендир. Мындан тышкары, адам көпкө иштегенде, сактыгын жоготот. Биз дайыма оорулуулар менен болобуз. Бардыгын бизге алып келишет. Бизде вирус жада калса көчөдө да жүрөт», — деди башкы врач.

Анын айтымында, оорукана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү эле камсыздалган жана жетекчилик медиктер аларды кантип кийип, кантип чечип жатканын көзөмөлдөп турат.

Аалиевдин божомолунда, медкызматкерлер вирусту жалпы коридордо коронавирустун белгилери жок ооруган медиктердин биринен жуктуруп алган болушу ыктымал.

«Биз үчүн бул чоң трагедия. Мурда бизде психологиялык абал жакшы эле, бирок ушунун бардыгы болуп кеткенден кийин, албетте, мурдагыдай болбой калды. Саламаттык сактоо министрлигинен биз өзүбүзгө келип алмайын биздин ооруканага жаткырууну убактылуу токтото турууну убада кылышкан», — дейт Аалиев.

Коронавирусу тастыкталган бейтаптардын көбү дарыланып жаткан инфекциялык клиникада 22-май күнү вирус жуктуруунун үч учуру аныкталган — эки дарыгер менен бир санитар аял вируска чалдыккан. Коронавирус медициналык мекеменин кызматкерлеринин арасынан биринчи жолу 11-майда аныкталган.

29-майга карата өлкөдө коронавирус жуктурган медкызматкрлердин саны 330га жеткен, алардын ичинен 247 адам айыккан.

Вирус жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза тапкан адистин үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация каралган. Өкмөт компенсацияларга деп 50 млн сом бөлгөн, бирок бул каражат инфекция жуктурган медиктердин бардыгына жетпейт.

Кимге акча бөлүнүп берилээрин комиссия чечет, бирок өкмөт дагы каражат бөлүп берүүгө даяр. Министрлер кабинетинен «Клоопко» билдиришкендей, эгер Саламаттык сактоо министрлигинен өтүнүшсө, алар акча бөлүп беришет.

Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын 1662 учуру катталган, алардын ичинен 16 адам каза тапкан. 1088 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.