Кыргызстанда коронавирустан 1170 бейтап айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 31-майдагы брифингде маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 57 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 40 бейтап. Ошондой эле, Нарын облусунда он жана Ош шаарында 7 адамдын COVID-19га кайрадан тапшырган анализдери терс чыккан. Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1170ке жетти — алардын 249у медкызматкер.

Кыргызстанда 31-майга карата коронавирустун жаңы 26 учуру катталып, жалпысынан оору 1748 кишиге жукту. Ооруканаларда 562 адам жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө.