Ошто «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды

Сүрөт: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунда 49 жаштагы «Хизб ут-Тахрир» террордук уюмунун мүчөсүн 28 майда кармады. Шектүү коңшу өлкөлөрдүн биринде издөөдө жүргөн.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган жаран Борбор Азия аймагында экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, чөнтөк телефондор жана сим-карталар табылды.

Топтолгон материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты араздашууну козутуу» беренеси менен Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислам» (араб. «Ислам боштондук партиясы» — ред.) уюмунун максаты халифат түзүп, ислам шариятындагы «акыйкат жашоону» калыптандыруу. Аталган уюм 2003-жылы Жогорку Соттун токтому менен экстремисттик уюм катары табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Жыл башынан тарта укук коргоочулар бир нече экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн кармаган. Алардын бирөөсү Сириядан келип, пропагандалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Кыргызстанга кайтып келген. Ошондой эле март айында облусттун Кара-Суу районунда «Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» мүчөсү кармалган.