Кара-Суу районунда террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Милиция Ош облусундагы Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында «Жамаат ат-Таухид валь-Джихад» террордук уюмдун 28 жаштагы мүчөсүн кармады.

«Анын үйүн тинтүү учурунда диний экстремисттик мазмундагы 16 китеп, 1 даана журнал, 4 DVD-диск, мобилдик телефондор жана “Белка” үлгүсүндөгү кош сайлуу ок атуучу курал алынган», — деп жазылат Ош ШИИБинин билдирүүсүндө.

Аталган факты «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми табылган адабияттар экспертизага жөнөтүлгөн.

Өткөн жылдын ноябрь айында аталган уюмдун башка мүчөсү экстремисттик материалдарды даярдап, аны интернет аркылуу таркатып жүргөн үчүн кармалган. Ал дагы Кара-Суу районунун тургуну болгон. Шектүүнүн үйүн тинтүүдө ок атуучу жана пневматикалык тапанчалар табылган.

«Жамаат ат-Таухид валь-Джихад» — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Жалпысынан террордук жана экстремистик ишмердүүлүктү жүргүзөт деп өлкөдө 21 диний уюм табылган.