УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады

УКМКнын терроризмге каршы өткөргөн иш-чаралардын алкагында кармалган тургун. Сүрөт: УКМКнын расмий сайтынан алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 10-февралда терроризмге каршы өткөргөн иш-чаралардын алкагында 24 жаштагы киши кармалганын маалымдады.

Кармалган тургун 2019-жылдын аягында Сирия мамлекетине эл аралык террордук уюмдун катарына кирүү үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен. УКМКдан билдиришкендей, кийинчерээк ал жактан тапышырма алып пропогандалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн Кыргызстанга кайтып келген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Жалданмачылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кыргызстандын күч органдарынын расмий маалыматы боюнча, 2013-2014-жылдан бери Сириядагы согушка 800дөй кыргызстандык барып кошулуп, анын ичинен 200гө жакыны каза болгон. Ал эми кеткендердин 150гө жакыны аялдар.