Видео: Алайда балык уулап жаткан тургун токко урунуп каза болду

Ош облусунун Алай районундагы Коңур-Дөбө аймагында балык уулап жаткан 45 жаштагы киши жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, маркум 1-июнь күнү болжол менен саат кечки 18:30 чамасында аталган аймакка балык уулоого келген. Ал кайырмакты өйдө көтөргөндө, ал дарыянын үстүнөн тартылган жогорку чыңалуудагы электр зымына тийип кеткен. Мындан улам киши окуя болгон жерде каза тапкан.

«Балык уулоого келген киши Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты. Сөөктү анын жакындары медэкспертизалык кароого берүүдөн баш тартышып, ал эми сырттан кароо жүргүзгөндө ал токко урунуп денеси күйүп, жүрөгү токтоп калганы байкалган», — деди Аширбаев.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын реестринде «кокустук» деп катталды.