Бишкекте «Ак-Кула» ипподоромун бузуп, ордуна жаңысын салуу пландалууда

«Ак-Кула» ипподромун бузуп, ордуна жаңысын салып, андан тышкары, ат майдандын имараты архитектура эстелиги макамын жоготту деп табуу сунушталды.

Токтомдун долбоорун коомдук талкууга Бишкек мэриясы чыгарды.

Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда имараттын жана трибунанын тышкы жана ички көрүнүшү канаааттандырылгыс абалда, муну «Ак-Кула» ипподромунун имараты баалуулугун жоготкону тастыктап турат деп айтылат.

«Жогоруда көрсөтүлгөн эстеликтин табигый сакталышы авариялык абалда турат жана “Ак-Кула” атмайданынын имаратын андан ары эксплуатациялоо адамдардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат», — деп айтылат комиссиянын корутундусунда.

Мындан тышкары, комиссия эски ипподромдун ордуна жаңысын курууну сунуштады.

Жаңы ипподромдо жер үстүндөгү жана жер астындагы унаа коюучу жайларды салуу, орундуктарды көбөйтүү пландалууда. Азыр ипподромдун имараты авариялык абалда болгонуна байланыштуу бул пландарды ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу маалымкат-негиздемеде жазылган.

Ипподромдун жаңы комплексин долбоорлоого эле Бишкек мэриясы жергиликтүү бюджеттен 19 млн сом коротууну пландоодо.

Долборлоо үчүн акча Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы тизмесинде каралган.

Өкмөт 2017-жылы ипподромду 650 млн сомго реконструкция кылгысы келген.

«Ак-Куланы» кайтаруу

Буга чейин бир нече жыл мурда «Ак-Кула» ипподромуна байланыштуу соттошуулар болуп, анын реконструкциялоо боюнча чоң пландар тууралуу сөз болуп келген.

Ипподром 20 жыл жеке менчикте турган. Башында ал Айыл чарба министрлигине караштуу болгон, бирок 1997-жылы министрлик жеке менчиктин 80% үлүшүн «Ак-Кула» акционердик коомуна берген. Ал эми 1998-жылы акционердик оом ипподромду толугу менен сатып алып, аны жеке менчик катары каттатып алган. Ипподром 1995-жылы эле Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлүшү керек болчу.

Ипподромду мамлекетке кайтаруу темасы парламентте 2011-жылы эле көтөрүп баштаган, ал эми 2017-жылы «Ак-Кула» Бишкек мэриясына кайтарылган. Ипподромдо баасы кымбат реконструкция жүргүзүү пландалып, натыйжада анын аймагында көрүүчүлөр үчүн беш миң жарым миң орундук пайда болмок.