Бир сутканын ичинде коронавирустан 65 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Кыргыз өкмөтү

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-июндагы брифингде акыркы сутка ичинде 65 киши айыкканын билдирди.

Бишкек шаарынан 8, Ош шаарынан 18, Ош облусунан 7, Нарын облусунан 30, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунан бирден бейтаптын кайрадан жасалган анализи терс жыйынтык берген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1425 адам айыгып ооруканадан чыгарылды. Алардын 275ин медицина кызматкерлери түзөт.

Өлкөдө 7-июнга карата Covid-19 2007и адамдан аныкталды. Анын ичинен 22 бейтап каза болду. Ооруканада 560 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 11 адамдын абалы оор — эки бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. 89 адам орточо оор абалда, 360 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.