Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2000ден ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Кыргыз өкмөтү

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-июндагы брифингде өлкөдө коронавирустун жаңы 33 учуру катталганын билдирди. Анын айтымында, анын 26сы вирус жуктургандар менен карым-катнашта болгон адамдардан табылды.

Ал эми 6 киши вирусту кантип жуктурганы белгисиз болууда. Медицина кызматкерлери анын себебин аныктоо үчүн эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантып жатышат.

Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 9, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 8, Чүй облусунда 3, Жалал-Абадда 1 жаңы учур катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда Covid-19 2007и адамдан аныкталды. Анын ичинен 22 бейтап каза болуп, 1425 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Бишкекте — 531, Ош шаарында — 232, Ош облусунда — 236, Чүй облусунда — 154, Нарын облусунда — 398, Жалал-Абад облусунда — 166, Баткен облусунда — 32, Ысык-Көл облусунда — 18.

Мындан сырткары, чет өлкөдөн келгендердин арасында 240 адамдан коронавирус табылган.

Ооруканада 560 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 11 адамдын абалы оор — эки бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. 89 адам орточо оор абалда, 360 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бир сутканын ичинде 2713 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү.