ССМ: Өлкө боюнча үй карантинине 8415 киши алынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Кыргыз өкмөтү

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-июндагы брифингде 8415 киши үй карантининде болуп жатканын билдирди. Аталган адамдар коронавирус тастыкталган кишилер менен байланышта болушкан.

Ошондой эле, өлкө боюнча обсервацияга 1461 адам алынган.

Кыргызстанда 7-июнга карата Covid-19 2007и адамдан аныкталды: 1029у аял, 978и эркек. Анын ичинен 22 бейтап каза болуп, 1425 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Ооруканада 560 бейтап дарыланып жатат. 11 адамдын абалы оор — эки бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. 89 адам орточо оор абалда, 360 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.