Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан дагы 20 бейтап айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 8-июндагы брифингде маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 20 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 17 бейтап. Ошондой эле, Нарын облусунда эки, ал эми Жалал-Абад облусунда бир бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирустун жаңы 25 учуру катталып, жалпысынан оору 2032 кишиге жукту — анын ичинен 23 бейтап каза болду. Ооруканаларда 564 адам жатат, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө.