Кыргызстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду

Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өткөн сутка ичинде дагы бир бейтап коронавирустан каза болгонун маалымдады. Ал Нарын облустук ооруканасында дарыланып жаткан 67 жаштагы аял киши болгон.

«Ал ооруканага кайрылбай үйдө жатып алган экен. Кийинчерээк атайын кызматтарга чалып ден соолугум жакшы болбой жатат деп, Нарын облустук инфекциялык госпиталына которулуп келген. Ооруканада абалы начарлап, болгон аракеттерге карабай кечинде жүрөгү токтоп калган», — деп билдирди ал.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон бейтаптардын саны 23кө жетти — алардын экөө медкызматкер. Ал эми 8-июнга карата аталган илдет жалпысынан 2032 адамда табылып, алардын 1445и айыгып чыкты.