Кеминге чейин кууп баруу: Жолтандабастын айдоочусу эки айга ТИЗОго камакка алынды

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, күзөтчү отурган будканы сүзүп, кайра күзөтчүгө кол салып, андан кийин милициядан Кеминге чейин качып барган жолтандабастын айдоочусу ТИЗО-1ге киргизилди.

Коопсуздук кызматынын кызматкери айдоочуга карата арыз жазды. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп атканча айдоочуну эки айга тергөө изоляторуна камап турууну чечти.

6-июнда соцтармактарда Toyota Land Cruiser айдаган белгисиз адам күзөтчү отурган будканы талкалай сүзүп, кайра күзөтчү менен мушташууга аракеттенип, андан кийин окуя болгон жерден кетип калганы тартылган видео таркаган.

Күзөтчү менен мушташ тартылган видео

Окуя Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы Тоголок Молдо көчөсүндө орун алган.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу машинасы менен үйдүн дарбазасынан кирип, андан кийин турак үйдүн күзөтчү кызматкери менен уруш чыккан. Андан кийин айдоочу күзөтчү отурган будканы атайылап үч жолу сүзүп, машинасынан чыгып, күзөтчүнүн өзүнө кол салган.

Коопсуздук кызматынын кызматкери менен мушташтан кийин ал машинасын айдап алып кетип калган. Күбөлөр билдиргендей, жолдо баратып ал Исанов көчөсүдөн дагы бир машинаны сүзүп өткөн.

Окуядан кийин айдоочу Ысык-Көл облусун көздөй жол тарткан. ЖКККББнын инспекторлору машинаны жогору ылдамдыкта баратканы үчүн токтотууга аракет кылышкан, бирок ал талапка баш ийбей койгон. Инспекторлор айдоочуну Чүй облсунун Кемин районуна чейин кууп барып токтотушкан.

Айдоочу качып баратып кармалгандагы видео

Kaktus.media жолтандабастын айдоочусун кармоо учурунда унаанын салонунда газ тапанчасы менен бычак табылганын жазат. Унаа айып корогоо жеткирилген.