Массалык иш-чараларды өткөргөндүгү үчүн «Кайнар» рестораны убактылуу жабылды

Бишкектин түштүк-чыгышындагы ресторанга 12-июнда текшерүү келген, анткени 10-11-июнда «Кайнар» банкеттерди өткөрүп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө салынганы тыюуну бузган.

Санэпидемстанция, мэрия менен акимиаттын өкүлдөрү ресторанга келгенде ал жакта кезектеги банкет өтүп жаткан, бирок кечээ эле «Кайнардын» администраторуна айыппул салынган болчу.

Иш-чарада 200гө чукул адам болгон. Алар кеткенден кийин ресторанга мөөр басылып бекитилди — систематикалык эреже бузуулардан улам «Кайнарды» убактылуу жабуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, ресторандын администрациясы коноктордун тизмесин жана видео камеранын материалдарын берүүсү керек болот. Материалдар ЭККМК менен Октябрь РИИБине өткөрүлүп берилет.

«Кайнар» ресторанындагы иш-чара

Журналисттердин маалыматына ылайык, 11-июнда «Кайнар» ресторанында мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутуу өткөрүлгөн. Куран окутуу иш-чарасында Бабановдун мурдагы кесиптештери — депутат Мирлан Жээнчороев менен Аалы Карашев байкалган. Андан кийин Карашев куран окутууга барганын жана барбай да коё алмак эместигин мойнуна алган.

Ресторандын администратору эки күндүк иш-чара үчүн 6000 сом айыппулга жыгылган. Эгер ресторанга юридикалык жак катары штраф салышса, бир эле айыппулдун суммасы 13 000 сомго чейин жетмек. Текшерүү менен келген мэриянын кызматкерине тоскоол болуп, анын телефонун тартып алышкан. Ал эми трансляция тартып жаткан журналистти бир эркек киши аңдып барып, аны муунткан. Журналист аны «Бабановдун күзөтчүсү» деп атаган. Кийинчерээк милиция кол салган адамды кармаган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 12-июнда бардык жерде санитардык эрежелер бузулуп жатканына нааразы болду. Ал мындан ары эреже бузган кафе, ресторан жана таксилер жабылат деп билдирди. Бирок, буга чейин аларга штраф гана салынып келген.

«Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт», — деди Абылгазиев жок кезде премьер-министрдин да жумушун аткарып жаткан Боронов.

Боронов массалык чогулууларга тыюу салынганына карабастан, куран окутуу жана тажыяларга баргандар көп болуп, ага барган адамдарда коронавирус аныкталган учурлар кездешип атканын бир нече жолу айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги да «Кайнардагы» куран окутууга байланыштуу комментарий берип, массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бербегенин, бирок аларга бул боюнча кайрылуу болгонун билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрбөш керек, анткени шаардагы эпидемиологиялык кырдаал өтө кооптуу.

Бишкекте COVID-19га чалдыгуунун 610 учуру, ал эми өлкө боюнча жалпысынан 2 166 жуктуруу учуру катталган. Алардын ичинен 1 668 адам айыккан. 472 адам (11 адам оор абалда, анын ичинде бир адам реанимацияда) дарыланууда. Каза тапкандардын саны 26.