Дагы тогуз медикте COVID-19 аныкталды. Вируска чалдыккан медиктердин жалпы саны — 438

Саламаттык сактооо министрлиги 14-июнга карата дагы тогуз медикте коронавирус аныкталганын кабарлады. Бул Бишкектеги беш адис, Чүй облусундагы үч жана Нарын облусундагы бир медик.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан өлкөдө медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун учурлары 438ге жетти — алардын ичинен 341 медик айыгып, эки врач каза тапкан.

Инфекция жугузуп алган медиктерге 200 миң сом компенсация каралган, ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сом берилет. Бирок, кимге компенсация төлөнүп берилерин комиссия чечет.