Сутка ичинде 78 адамдан COVID-19 чыкты. Жуктуруу учурларынын жалпы саны — 2 286

Республикалык штаб 14-июнда COVID-19 дагы 78 адамда аныкталганын билдирди. Алардын ичинен 50 адам Бишкекте, 13ү Чүй облусунда, Жалал-Абад-жана Талас облустарында беш, Нарын облусунда үч жана эки учур Ысык-Көл облусунда катталган.

78 учурдун ичинен төртөө «тыштан келген» - тагыраагы, коронавирус Кыргызстанга кайтып келген жарандардан табылган. Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор 39 — бул коранавирус жуктургандар менен байланышта болгондугу үчү обсервацияга же үй карантинине жаткырылгандар. Бирок 35 учурда вируска чалдыккандар кимден жана кантип жуктуруп алышканын айтып бере алышкан эмес. Бул адамдардын жуктуруу булактарын аныктоо иши жүрүүдө.

Коронавируска чалдыккандардын арасында медиктер да бар.

Акыркы сутка ичинде 69 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды: алардын ичинен 36сы Бишкекте, 15и Нарын облусунда, тогузу Чүй облусунда, төртөө Ошто, үчөө Баткен облусунда жана экөө Ош облусунда. Мындан тышкары эки медкызматкер оорудан айыкканы белгилүү.

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 2 286 жетти, алардын ичинен 1791 адам айыгып, 27 адам каза болгон, 468 адам дарыланууда.