Видео: Бишкектин борборунда банкты чак түштө кантип тоноп кетишти?

Белгисиз адамдар 12-июнда саат 13:00гө жакын Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Керемет банкты» (мурдагы Росинбанк) тоноп кетишкен.

Милицияга банкка кол салуу орун алганы боюнча саат 13:20 кабарланган.

«Беткапчан жана үлгүсү аныктала элек тапанча көтөргөн белгисиз эки киши резина союлунан башка эч нерсеси жок күзөтчүгө кол салышкан. Алар кассанын кабинасындагы акча каражаттарына ээлик кылып алып, тоноо жасашкан. Банктын кызматкери жардам кнопкасын басууга үлгүргөн, андан кийин 13 мүнөттөн соң жеке менчик коргоо агенттигинин ыкчам аракет көрүү тобу келген», — деп билдиришти ШИИБДен.

Банкты тоноого баргандар 700 миң сом алып кетишкен. «Каракчылык» беренеси боюнча иш башталды.

Видеодон кассада иштеген аял тоноочулар тууралуу кабары жок эле кабинетине кирип, ачкыч менен эшикти бекитип алайын деп жатканын көрүүгө болот. Бирок аңгыча каракчы эшикти ачып кирип, касса кызматкерин тапанча менен коркутуп баштайт. Аны кароолчу токтотууга аракет кылат, бирок андан майнап чыкпайт.

Андан кийин каракчылар банктын кызматкерлерин бөлмөлөрдүн бирине түрткүлөп киргизип, ошол эле маалда эсепчи менен күзөтчүнү бир нече жолу чаап, түртүшкөн. Банкты тоногондор акчаны алып, чыгып бараткан маалда банктын филиалын ачкыч менен бекитип кетишкен.