Радио жыштыктарын сатуу иши: «Ала-ТВнын» негиздөөчүсү кармалды

Биринчи май райондук соту Бишкекте «Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалганын маалымдады.

Ал Биринчи май райсотунун тергөө судьясынын чечими менен радио жыштыктарды мыйзамсыз сатууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 12-июлга чейин ТИЗО-1ге киргизилди. Ага «Коррупция» беренеси боюнча шектелип аткандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды.

Радио жыштыктарын сатуу

Башкы прокуратура 22-майда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын тергөө тобу тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин (МБА) эки жана УКМКнын эки кызматкери кармалганын билдирген.

Алар 12-майда УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген МБАнын экс-директору Наталья Черногубованын иши боюнча тергөө жүргүзүүнүн алкагында кармалган. Ал радио жыштыктарын сатууда уюк байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алган деп айыпталууда. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 2020-жылдын 7-апрелинде «Коррупция» фактысы боюнча башталган.

Ошондой эле «Ала-ТВ» компаниясынын директорунун орун басары да кармалган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Ала-ТВ» компаниясы жыштыктарды 1998-жылы алып, андан соң аларды Beeline компаниясына сатып жиберген.

Радио жыштыктарын сатууга байланыштуу иш

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан. Өкмөт башчысы болсо депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген.

Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетексичинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөп жатат. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Абылгазиев менен Мамбетакуновду КТ «Мобайл» компаниясы байланыштырат. Момбековдун айтымында, Мамбетакунов компания жетектеген (жетекчилигинде Нурбек Мукамбетов көрсөтүлгөн), ал эми Абылгазиев — компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышта болгону үчүн аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган.

Ошондой эле прокуратура дагы бир ишти жандантты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

«Ала-ТВ» компаниясы обого чыгуу үчүн жыштыктарды 1998-жылы алган. Кийинчерээк ал аны «Билайн» компаниясына саткан. Радио жыштыктарын саткан дагы бир компания бар, бирок бийлик ал компанияны атабай жатат. Акаевдин билдирүүсүнө ылайык, радио жыштыктарын аты аталбаган казак компаниялары сатып алган.