Бишкекте «Билайн» компаниясынын бир нече кызматкеринде коронавирус табылды

«Скай Мобайл» («Билайн» соода маркасы) компаниясынын PR-директору Марина Ким компаниянын бир нече кызматкери коронавирус жуктуруп алганын «Клоопко» кабарлады.

Анын айтымында, COVID-19 компаниянын башкы директору Евгений Кражандан да табылган.

Ким коронавирус жуктурган кызматкерлердин бардыгы обочого алынганын, алар өздөрүн жакшы сезип атышканын кошумчалады. Ошондой эле ал жуктургандар менен байланышта болгондордун бардыгы аныкталып, алар COVID-19дун бар-жогуна текшерилип жатышканын айтты.

«Мындай жагдай үчүн бизде иштелип чыккан план бар, ага ылайык, компаниянын кеңселеринде бир катар чаралар кабыл алынды, кызматкерлер биринчи шектенүүлөр болгондо эле дароо обочого алынышты, ал эми компания алар менен байланышта болгондорду тесттен өткөрдү», — деп кабарлады Ким.

15-июнга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруу учурларынын саны 2 372ге жетти. Пандемия башталгандан бери бул вирустан 1 813 бейтап айыкты, 531 адам стационарда дарыланып жатат. Пандемия маалында 27 адам каза тапты.