COVID-19дун пандемиясы төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда күчөп жатат — Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү коронавирустун пандемиясы төмөндөйбөй эле тескерисинче кээ бир аймактарда күчөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 15-июнда биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушууда айтты.

Жээнбековдун айтымында, Бишкек бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып бара жатат, ал эми ӨА режиминин алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кетти.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз. Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деди президент.

Ал оорунун жайылуу коркунучу дагы деле бар деп кошумчалап, эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Бороновдун айтымында, акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөнү, ал эми эпидемиялык кырдаал оор болуп атканы Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустарында байкалып жатат.

Ал мындай көрсөткүч өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин 90% ашык тармагы толугу менен ишин жандантканы менен негизделип атканын түшүндүрдү. Ошондой эле ал бул жарандардын санитардын ченемдерди сактабай жатканынын кесепети деп эсептейт.

Бул себептүү Республикалык штаб коронавирус менен ооруп калгандарды аныктоо жана аларды дарылоо боюнча жаңы алгоритмдерди карап жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде бийлик өлкө боюнча чектөөчү чараларды кайрадан киргизиши мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, бул COVID-19га чалдыккандардын санынын өсүшүнө байланыштуу.

2020-жылдын 15-июнуна карата, республика боюнча COVID-19ду жуктуруунун 2 372 учуру катталган.

1813 бейтап оорудан айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Пандемия маалында, вирустан жалпысынан 27 адам каза тапкан.