Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановго түспөлдөш кишинин сабалып жатканы тартылган видео тарады. Аны фейсбукка Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева жарыялады. Анда олбурлуу эки киши Кимсановго түспөлдөш кишини жерге басып алып башка-көзгө, бөйрөк тушка койгулап жатканын көрүүгө болот. Бирөө сабап жатса, экинчиси кармап бергени дароо байкалат. Бул учурда таяк жеген киши кол көтөрүп жаткандарга жалбарып, токтотууну суранып жатканы угулат.

Бирок Сүйүнбаева жарыяланган видео бир нече сааттан кийин фейсбуктан өчүп калды. Адвокат менен байланышканыбызда ал видеону баракчасынан албаганын, тасма кызыкдар тараптардын аракети менен атайын өчүрүлгөн деп божомолдоду. Анткен менен аталган видео соцтармактарга тарап кетти, ошондой эле бир нече ютуб каналдарга да жарыяланды.

* Эмилбек Кимсанов — мурда бажыда иштеп кеткен чоң аткаминер. Журналисттер аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын кишиси болгон дешет. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын үй-бүлөсү, бир туугандары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар менен кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат.

Сүйүнбаева сабоо фактысы боюнча 10-апрелде Кимсанов суракка алынганын жана ал уруп-согуу болгонун айтканын кошумчалады. Адвокат 12-апрелде Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганын, бирок башкы көзөмөлдөө органы арызды 30-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) жөнөттүк деп жооп бергенин билдирди.

«Ушунча убакыт эч нерсе кылышкан эмес. Эмнеге ЖАМКга жөнөттү? Өздөрүнүн абактарды көзөмөлдөй турган спецпрокуратурасы бар. Ошолорго тапшырып, бул фактыны тергесе болмок. Алар Кимсановдун көгала болгон жерлери тарасын деп күтүштү», — деп Сүйүнбаева Башкы прокуратуранын аракетине нааразычылыгын билдирди.

Жактоочу Кимсанов ЖАМКтын абагында «мени токмоктошту» деп көрсөтмө бере албай турганын белгиледи. Себеби ал мекемеге көз каранды.

«ЖАМКка жөнөткөндөн кийин Кимсанов сабады деп кантип айтып берет. Анткени ал жакта көз каранды болуп отурса. ЖАМК бизге уруп-согуу болгону далилденген жок деп жооп берди», — деди Сүйүнбаева.

Кийинки кадамдар кандай болот?

Кимсановдун жактоочусу анын кардары сабалып жатканын ырастаган видеого тийиштүү органдар реакция кылып, иш кайрадан текшерүүгө алынышы керек деген пикирде. Учурда ал бул видеону кошуп Башкы прокуратурага кайра кайрылат.

Назгүл Сүйүнбаева Эмилбек Кимсанов тергөө изоляторуна которулганда эле анын коопсуздугун сактоо боюнча арыз менен кайрылган. Учурда ал соттун токтому менен өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар кармалган Төмөнкү Нооруздагы №50 абакка которулганын билдирди. Аталган жайдын жетекчилигине дагы анын коопсуздугун сактап бергиле деп кайрылуу жолдошкон.

ЖАМК эмне дейт?

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы «Клоопко» соцтармакта тарап кеткен видео учурда териштирилип жатканын билдирди.

«Ал видео кайда тартылган? Ким тартылган? Кимсановбу, же Кимсанов эмеспи деп тактап, текшерип жатабыз. Ал аяктагандан кийин бул боюнча толук маалымат беребиз», — деп ЖАМКтан маалымдашты.

13-апрелде Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева фейсбукка бир нече сүрөт жарыялаган. Анда Кимсановдун денеси көкала болгонун көрүүгө болот. Ошол учурда ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков сүрөттөрдү эски беп божомолдогон. Ал эми мурдагы бажычынын тергөө абагында ур-токмокко алынганын четке каккан.

Эмилбек Кимсановдун иши

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Санкт-Петербургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди сабоого айыпталууда. Кимсанов өзү «Бейбаштык» боюнча козголгон иш эки жыл мурда жабылган деп айтып келет.

Жыл башынан бери Кимсановдун бошотулушун талап кылып президентке анын жубайы, бир туугандары жана тарапташтары бир нече жолу кайрылган. Бирок президент бул кайрылууларга жооп бере элек.

Жээнбековго биринчилерден болуп Кимсановдун иниси Эмирбек кайрылган. Ал агасы Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Ал кабарлагандай, Эмилбек Кимсанов «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуулар болгон.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

2020-жылдын 9-апрелинде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да президентке жардам сурап кайрылган. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатканын» айткан.

Кийинчерек Заворотняя соцтармактарга Кимсановдун видеосун жарыялаган. Ал тасмада Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан.

Бул видео боюнча Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирген. Мындан тышкары «Шайлоо алдында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деген оюн айткан.

Ал эми ИИМден «Азаттыктын» бул видео боюнча катына Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришкен. Ал эми тергөө иштери Кимсанов жана анын жубайы министрликке расмий арыз менен кайрылганда гана жүргүзүлөөрүн маалымдашкан.

11-июнда абакта жаткан Кимсановду колдоп, топтолуп президентке видеокайрылуу жасаган балдарды Кара-Суу райондук милициясы кармап кеткен. Милициядан алар «карантиндин эржелерин бузгандыктан» эскертүү берилип кайра коё берилгенин айтышкан. Бул күндөрү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусунда болгон.

Кимсанов Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен ТИЗО-50гө которулду. Ал жакта өзгөчө коркунучтагы кылмышкерлер кармалат. Башкы көзөмөл органы мындай кадамын мурдагы бажы кызматкери тергөө абагында телефон колдонгон деп негиздеди. Кимсанов Биринчи май райондук соттун чечими менен 16-августка чейин абакта болот.