Кимсановдун адвокаты жана аялы анын сабалганын билдиришти, ЖАМК муну четке кагууда

Эмилбек Кимсанов

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 13-апрелде фейсбукта анын коргоого алган адамды Бишкектин ТИЗО-1инде сабалганын билдирди.

* Эмил Кимсанов — мурда бажыда иштеп кеткен чоң аткаминер. Журналисттер аны бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун курчоосунун катарына кошот. 2020-жылдын февраль айынан тарта, Кимсанов жана анын жакындары Матраимовдордун кланы тарабынан коркутуулар жана кысымдар болуп жаткандыгын билдиришип, президенттин атына видеокайрылууларды жарыялап келишкен. Кимсанов акыркы видеосунда Райымбек Матраимов иликтөөчү журналист Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды бергенин билдирген. Токтакунов — бажыдагы аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири жана бул иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталат..

Сүйүнбаева ТИЗОнун нөөмөтө турган кызматкерине чалып Кимсановдон кабар алуусун суранган. Бирок ага «иш күнү эмес болгондуктан ага жөнөтүүгө кызматкер жоктугун айтышкан».

«Мамлекет менин коргоого алган адамымды камакка алгандан кийин анын саламаттыгына жана жашоосуна автоматтык түрдө жоопкерчилик алат! Ушул учурда нөөмөтчү менин чалуума дароо жооп кылып фактты текшериши керек болчу, иш күнү болушун күтпөстөн!» — деп жазды ал.

Ал ишендиргендей, эми Кимсанов менен чогуу бир камерада дагы үч киши отурат жана бул «анын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жаратат».

Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да фейсбукка пост жарыялады. Анда күйөөсү 10-апрелде аны тергөө амалдарын өткөрүү үчүн алып келгенде ур-токмокко алынган деди. Ал Кимсановдун оң колу көк-ала болгон сүрөттү да чыгарды.

10 апреля когда моего мужа привезли на следственное действие.адвокат сфотографировала то что его избили в СИЗО. Также...

Posted by Мария Заворотняя on Monday, April 13, 2020

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Кимсановдун сабалышы тууралуу маалыматты четке какты. Ал сүрөт эски болушу мүмкүн деп эспетейт. Ошондой эле ал Кимсанов бул тууралуу угуп таң калганын жана токмоктолбогону боюнча түшүнүк кат жазып бергенин кошумчалады.

«Жактоочусу айтып жатат, түнкү үчтө анонимдүү түрдө чалды деп, мындайды бардык эле адам жасай алат. Далил болуу керек да. Ушундай учурда элди эмнеге дүрбөтүшөт? Ал ЖАМКнын борбордук аппаратына чалып же кат түрүндө кайрылып жооп алса болот. Бирок бизде баардык жер видео камера аркылуу көзөмөлдө», — деп айткан Калыков reporter.kg басылмасына.

Кимсановдун кармалышы

Экс-бажычы Эмилбек Кимсанов 20-февралда Санкт-Петербургда кармалып Кыргызстанга алынып келинген. Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевдин сабалышы боюнча иште шектүү катары өтүүдө.

Кимсановду Бишкектин ТИЗО-1ине 31-марта киргизишкен. Ал өзү иш эки жыл мурда козголуп кайра жабылганын айтып келет. Ошондой эле ага иштин кайрадан жанданганы түшүнүксүз болууда.

9-апрелде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя президентке жардам сурап кайрылды. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатышканын» билдирди.

10-апрелде Заворотняя фейсбукка дагы бир видео жүктөдү. Анда Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп билдирди.

Ал далил катары болжолдуу Матраимовго таандык делген телефнондун номерди жалпыга ачыктады. Кимсановдун айтуусу боюнча, Матраимов ушу номерден тапшырмаларды берип турган. Ал ошондой эле каттарды да көрсөтүп берди.

Депутат Искендер Матраимов экс-бажычы Эмил Кимсановдун айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирди. «Токтакуновдун ден соолугу ага эмес, бизге азыр көбүрөөк керек. Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат», — деп айтып берди Матраимов «Кактуска» берген интервьюсунда.