Эмилбек Кимсанов өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалган абакка которулду

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 8-июндагы чечими менен мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов ТИЗО-50гө которулду. Бул тууралуу «Клоопко» анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Сүйүнбаева кабарлагандай, сот мындай өкүмдү Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен чыгарган. Муну башкы көзөмөл орган Кимсановдун тергөө абагында уюлдук телефон пайдаланып, эрежени бузгандыгы менен түшүндүргөн.

«50-абакта өзгөчө коркунучтагы кылмышкерлер, режимди бузган адамдар жана уюшулган кылмыштуу топтун башчылары отурат. Бизде эмне себептен бул жөнөкөй бейбаштык болсо дагы 16-августка чейин тергөөнү узартып койду деген суроо туулуп жатат. 2 айдын ичинде бир эле жолу Автандил Конгантиев менен беттештирип коюп, ошону жөн эле менен отурат. Бул кылмыш ишти сотко чыгарбай, узартып эле жүрүшөт», — деп нааразы болду Сүйүнбаева.

Кимсановдун жактоочусу абакта мындай эреже бузуулар болуп тураарын, бирок баарына эле ушундай чара колдонулбаганын айтат.

«Эмне үчүн алардын баарын которбойт анда, бир эле Кимсановду которуп жатышат. А башка учурларды биз укканбыз, эгер уюлдук телефон колдонуп жаткан болсо жөн эле алып коюшат. Биз азыр Башкы прокуратурага канча адам мындай эреже бузуу менен которулганы боюнча сурамкат жибердик, күтүп жатабыз», – деди Сүйүнбаева.

Ошол эле маалда жактоочу Кимсановдун ТИЗО-1де сабалгандыгы боюнча Башкы прокуратурага арыз жазышканы менен азыркы күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыга электигин белгиледи.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Клоопко» Кимсановдун абакта эреже бузганына байланыштуу сотко кайрылышканын ырасташты. Ал эми мурдагы бажычынын сабалышы боюнча арызды атайын прокуратура карап чыгып, бул боюнча жоопту Жаза аткаруу мамлекеттик комитетине берген деп ишендиришти.

«Биз Кимсановдун сабалгандыгы тууралуу иш боюнча жоопту Башкы прокуратурадан ала элекпиз. Эмне үчүн аны ЖАМКга жиберет? Ошол атайын абактагы мыйзамдарды көзөмөлгө ала турган прокуратура бар. Спецпрокуратура деп коёт жалпак тил менен. Алар муну тергеп, изилдеп баа бериши керек эле. Бул жерде эмне үчүн мындай болуп жатканы белгилүү эле болуп калды го. Муну камактан чыгарбаш үчүн эле ар кандай шылтоолор менен кармап отурушат», — деп түшүндүрдү Кимсановдун жактоочусу.

ЖАМК Кимсановдун сабалышын четке кагып келет. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыков Кимсановдун сабалышы боюнча жактоочусу жарыялаган сүрөттөрдү эски беп божомолдогон. Ал эми Калыковдон мурдагы сабоого айыпталып жаткан бажы кызматкеринин өзгөчө коркунучтагы кылмышкерлер отурган тергөө абагына которулушу боюнча суроолорубузга так жооп ала алган жокпуз.

Бирок ЖАМК жиберген пресс-релизде, тескөөчүнүн өтүнүчүнө ылайык, Биринчи май райондук соту Эмилбек Кимсановду үстүбуздөгү жылдын 16-августуна чейин 50-абакта калтырууну чечкендиги тастыкталган.

Эмилбек Кимсановдун иши

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Санкт-Петербургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди сабоого айыпталууда. Кимсанов өзү «Бейбаштык» боюнча козголгон иш эки жыл мурда жабылган деп айтып келет.

Жыл башынан бери Кимсановдун бошотулушун талап кылып президентке анын жубайы, бир туугандары жана тарапташтары бир нече жолу кайрылган. Бирок президент бул кайрылууларга жооп бере элек.

Жээнбековго биринчилерден болуп Кимсановдун иниси Эмирбек кайрылган. Ал агасы Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Ал кабарлагандай, Эмилбек Кимсанов «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуулар болгон.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

2020-жылдын 9-апрелинде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да президентке жардам сурап кайрылган. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатканын» айткан.

Кийинчерек Заворотняя соцтармактарга Кимсановдун видеосун жарыялаган. Ал тасмада Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан.

Бул видео боюнча Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирген. Мындан тышкары «Шайлоо алдында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деген оюн айткан.

Ал эми ИИМден «Азаттыктын» бул видео боюнча катына Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришкен. Ал эми тергөө иштери Кимсанов жана анын жубайы министрликке расмий арыз менен кайрылганда гана жүргүзүлөөрүн маалымдашкан.

11-июнда абакта жаткан Кимсановду колдоп, топтолуп президентке видеокайрылуу жасаган балдарды Кара-Суу райондук милициясы кармап кеткен. Милициядан алар «карантиндин эржелерин бузгандыктан» эскертүү берилип кайра коё берилгенин айтышкан. Бул күндөрү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусунда болгон.