Кыргызстанда коронавирус дагы 21 медкызматкерден табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 17-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 21 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Бишкек шаарынан алты, Чүй облусунан он эки, Талас облусунан бир жана Баткен облусунан эки медиктен өпкө илдети аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 495ке жетти. Алардын арасынан эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду, ал эми 367 медик айыкты.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус 2562 адамда табылды. Алардын ичинен 30у каза болуп, 1901 адам илдеттен айыкты.