Коронавирустан бир суткада дагы 32 бейтап айыкты

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 32 бейтап коронавирустан айыкты — алардын ичинде 6 медкызматкер бар.

Айыккандардын эң көбү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 12 жана 11. Ошондой эле, Ош облусунда төрт, Ош шаарында үч, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1933кө жетти — алардын 373ү медкызматкер.

Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирустун жаңы 95 учуру катталып, илдет жуккандардын жалпы саны 2657ге жетти. Ооруканаларда 693 адам жатат — алардын 38и оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган. Ал эми дарт 31 адамдын өмүрүн алды.