Тез татым жайынын ижарачысы кармалды. Анда чыккан өрттөн бир адам каза тапкан

Бишкек ШИИБи өрт чыккан тез татым жайынын ижарачысы кармалганын маалымдады. Тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алган. Бул окуя 15-июнда катталган. Ижарачы изоляторго киргизилип, ага карата «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Өрт Бишкектин түштүк бөлүгүндө чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, дароо бир нече тамактануу жайы жана дарыкана өрттөнгөн. Өрттөн 25 жаштагы бала каза болуп, дарыкана, дүкөн жана эки фастфуд түйүнү күйүп кеткен.

«Каза тапкан адамдын өздүгү аныкталды. Ал Бишкектин 6-кичи районундагы Сухэ-Батор жана Жунусалиев көчөсүнүн кечилишинде жайгашкан фастфуд түйүнүндөгү газ баллону жарылгандыктан улам каза тапкан. Ал фастфуддун кызматкери эмес экени такталды», — деп кабарлашты милициядан.

Өзгөчө кырдаал министрлиги тез татым жайлардын көбүндө өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбайт деп айтып келген.

Өрттүн чыгышына көп учурда газ баллондордун жарылуусу себеп болот. Июнь айында дагы бир башка фастфуд түйүнүндө ушуга окшо жарылуу болгон, бирок анда эч ким каза тапкан эмес.

Мындан тышкары, өткөн 2019-жылы борбор калаада «Антошка» деген тез тамактануу кафесинде да газ баллон жарылып, анда иштеген бир кыз каза таап, 15 адам жабыркаган, алардын ичинен жетөө кичинекей балдар болгон.

Башкы сүрөт: «Кактус» басылмасы