Бишкектин 6-кичи районунда чыккан өрттөн бир адам ажал тапты — ӨКМ

Маалымат жаңыртылып турат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 15-июнда Сухэ Батор жана Жунусалиев көчөлөрүнун кесилишиндеги тандыркана менен дарыканада чыккан өрт учурунда бир адам каза тапты. Тилсиз жоо саат 16:45те алты өрт өчүрүү техникасынын жардамы менен чектөөгө алынган. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, каза болгон адамдын өздүгү, туулган жылы жана жынысы такталууда. Учурда өрттү толук өчүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, тандыркана эле эмес, кафе, дарыкана, фастфуд жана дүкөн да өрттөнгөн.

12-июнга караган түнү Интергельпо жана Кеңсуу көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайында да жарылуу болгон. Kaktus.Media басылмасы билдиргендей, жарылуунун толкуну киосктун темир-тезектерин коңшу корогоо чейин учурган.

Бир өрт өчүрүү техникасы толугу менен өрттөнүп кеткен тез тамактануу түйүнүн жарым сааттын ичинде өчүргөн. ӨКМдин адистеринин жыйынтыгы бир нече күндөн кийин даяр болот.

Өткөн 2019-жылы борбор калаада «Антошка» деген тез тамактануу кафесинде газ баллон жарылып, анда иштеген бир кыз каза таап, 15 адам ар кандай даражадагы күйүктөрдү алышкан, алардын ичинен жетөө кичинекей балдар болгон.

Бул окуядан бир аптан өткөндөн кийин мамэкотехинспекция тез тамактануу жайларын коопсуздук эрежелери сакталып-сакталбаганынан текшере баштаган.