Кыргызстанда дагы 205 адам коронавирус жуктуруп алды — жалпы 3356 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 22-июнда өлкөдө дагы 205 адамдан коронавирус табылганын маалымдашты — алардын ичинде 26 медкызматкер бар.

Алардын ичинде:

Бишкек шаарында — 82 (6 медкызматкер);

Чүй облусунда — 33 (3 медкызматкер);

Ош шаарында — 25 (2 медкызматкер);

Ош облусунда — 20 (4 медкызматкер);

Нарын облусунда — 19 (2 медкызматкер);

Баткен облусунда — 12 (2 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 10 (6 медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 8;

Талас облусунда — 6 (1 медкызматкер).

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 3356га жетти — анын 582си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 2021 адам айыгып, 40 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1148. Чүй облусунда коронавирус 445 адамдан табылды. Нарын облусунда – 450, Ош шаарында – 362, Ош облусунда – 342, Жалал-Абад облусунда – 233, Ысык-Көл облусунда – 60, Баткен облусунда – 43 жана Талас облусунда 33 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган.

Учурда ооруканаларда 571 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 36 бейтап оор абалда — 11 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2289.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.