Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял «Турмуш» басылмасына маек куруп, аны кечиргенин айткан. Бирок укук коргоочулар аялдар чын-чынына келгенде кечиргендей гана түр көрсөтүп, кордогон күйөөлөрү менен чогуу жашоого мажбур дешет.
«Видео интернетке тараганда абдан катуу уялдым»
«Мен жолдошумду кечирдим. Чогуу түтүн булатып жатканыбызга быйыл 26 жыл болду. Буга чейин деле чыр-чатак болуп турчу. Кээде айтышып калчубуз. Бирок катуу токмоктогонго чейин барган эмес. Албетте, ар бир эле үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Видео интернетке тараганда абдан катуу уялдым», — деп билдирген ал.
Аялдын айтымында, ал күйөөсүнүн жана уулунун тагдырын, ошондой эле, өзүнүн жашоосун ойлонгон. Ал баары өз ордуна келет деген ишеничте болгонун белгилеген. Анын башкы максаты — «үй-бүлөбүздү уратпай сактап алуу» керектигин билдирген.
«Азыр көчөгө чыксам эле биз жөнүндө сөз болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет деген ишеничтемин. Жолдошум кылган ишине өкүнүп жатыптыр. Мындан ары баары жакшы болот деп ойлойм. Алдыда уулубузду үйлөнтүп, жакшы күндөрдү өткөрөбүз деген тилегим бар», — деген жабырлануучу.
«Үй-бүлөм бузулбасын»
Сузак райондук администрациясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Аида Алиева «Клоопко» курган маегинде учурда аял үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн болгон аракетин жумшап жатканын ырастады.
«Ал “силер менин үй-бүлөмдү бузуп жатасыңар, бул менин үй-бүлөм, кайра жашайм” деп болбой койду. РИИБге да өзү барып тосмо арыз жазыптыр, коё бергиле жолдошумду деп, анын жалгыз максаты үй-бүлөсүн сактап калуу болуп жатат», – дейт Алиева.
Ал эми «Каниет» реабилитациялык борборунан «Клоопко» учурда аялдын жакындары алардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн баш тартып жатканын билдиришти. Борбордон аялдын уулу апасы менен түз байланышууга эч кимге уруксат бербей жатканын айтышты.
«Аял өзү макул болуп, биздин кызматка муктаждыгын көрсөтө элек. Себеби ал азыр уулунун таасири астында турат. Ал эженин өзүнүн телефону жок. Баласы 24 саат бою жанында болуп, апасына эч кимди жолотпой жатат. Ал атасын камактан чыгарып алууга, жаза албай апасы менен чогуу жашоосуна ниеттенип жатат», – деп түшүндүрүштү борбордон.
Алар аял өзү кайрылмайынча борбор ага түздөн-түз таасир этип, жардам көрсөтө албастыгын кошумчалашты.
Аялдын уулу «Турмуш» басылмасына курган маегинде ата-энесинин эки ажырым жолго түшүүсүн каалабай турганын айтып, атасын кечиргенин билдирген.
«Азыр үйдө апам экөөбүз жашап жатабыз. Негизи апам медайым болуп иштеген, атам деле жогорку билимдүү. Ушул күнгө чейин экөөнүн урушканын көргөн эмесмин. Атам ачуулук менен апама кол көтөргөн учуру болгон эмес. Ошол окуя учурунда мен Ошто болчумун. Апам туугандарына тойго барганда кечигип келгенине атам жинденип, ачууга алдырып, ушундай окуя болуп кетиптир. Атам менен уюлдук телефон аркылуу бир жолу байланыштым. Бизден кечирим сурады. Апам экөөбүз тең атамды кечирдик», – деген ал.
«Мен каякка барам?»
Аталган реабилитациялык борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурованын айтымында, аялдар көп учурда тосмо арыз жазганда өздөрүн ойлошпойт. Алар көбүнчө коомдогу калыптанып калган стереотиптерден улам «сөз болуудан» коркушат жана балдарынын келечеги үчүн сарсанаа болушат.
«Аялдар зомбулуктан катуу жапа чеккен учурда милицияга арыз менен кайрылышат. Бирок эки саат өтөт, анын эртеси болот, анан аял киши убакыт өткөн сайын анализ кылып, "мен каякка барам?" деп ойлоно баштайт. Кечээки зомбулукка кабылган аял да эжесине мен каякка барам деп айтыптыр. Бир ай өтөт, эки ай өтөт мен кимдин үйүнө барам, каякта жашайм деп. Аялдар күйөөсүнөн көз каранды», – дейт ал.
Борборго кайрылгандардын 20 пайызы гана тосмо арыз жазбай, тергөөнүн аягына чейин барышат.
«Акыркы бир жарым айдын ичинде мыкаачылык менен уруп-сабалган 4 аялдын ичинен бизде экөөсү эле тосмо арыз жазбайм деп аягына чейин баратышат. Мен өзүбүзбдүн борбордогу статистиканы айта турган болсом 20 пайызы гана тосмо арызын жазышпайт», — деди Аттокурова.
«Билимдүү аял — күчтүү болот»
«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын пикиринде, аялдарга жетиштүү колдоо болбогондуктан алар кордолгондон кийин да кайрадан күйөөлөрү менен чогуу жашоого мажбур болушат.
«Негизинен аялдардын тосмо арыз жазып калуусунун себеби, бул ошол биздин жашоо шартыбыздын эле тийгизген таасири. Аялдар эч качан кечирбейт, кечиргендей түр көрсөтүп, чогуу жашаганга аргасыз болот. Анын жүзүндө күйөөсүнө өмүр бою жылуулук болбошу мүмкүн. Бирок айласыздан ошол нерсеге барууга мажбур болот», – деди ал.
Ошондой эле, Асилбекова тосмо арыз жазган аялдарды сынга алуудан мурда алардын жагдайын түшүнүүгө чакырды.
«Тосмо арыз жазган аялдар жөнүндө бир жактуу айтууга таптакыр мүмкүн эмес. Аялдардын социалдык укугу корголбогон өлкөдө жашап жатканыбызды биз эске алышыбыз керек да. Экинчи жагы биздин айрымдарыбыздын турмуш шартыбыз өтө начар. Эгерде ошол аял билимдүү болсо, колунда жумушу болсо, бара турган жери, укугун коргоочулар жана жакын санаалаштары болсо ал аял дайыма күчтүү болот», — деди ал.
Иш сотко өттү
12-июнда социалдык тармактарда аялынын моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, колун артына байлап, үстүнө чакалап суу чачып, бетке чаап жаткан кишинин видеосу тараган. Милиция аталган фактты «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен каттап, аялын сабаган киши 15 суткага камакка алынган.
Жабырлануучу тосмо арыз жазып, «жолдошун кечиргенин» айткан. Бирок милиция буга карабастан тергөөнү улантып, 19-июнда иш сотко өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад ОИИБиден билдиришкендей, экспертиза аялдын ден соолугуна «жеңил залал келтирилген, бул саламаттыктын кыска убакытка бузулушун шарттаган» деген корутунду чыгарган.
Жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча миңдеген иш ачылат, жабырлануучулардын 90 пайызын аялдар түзөт.