Сузакта күйөөсүнөн кордук көргөн аял тосмо арыз жазды, бирок тергөө уланат

Иллюстарция: Татьяна Зеленская

Жалал-Абад облусунун Бек-Абад айылында жолдошу тарабынан ур-токмокко алынган аял 13-июнда тосмо арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

«Сот тосмо арызга карабай, шектүүнүн баш коргоо чарасын карап 15 суткага камакка алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деди Жээнтаев.

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда аялынын колун артына байлап, моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке муштагылап кордоп жаткан кишинин видеотасмасы тараган. Күйөөсү аялын бир тууган эжесиникине барып бир аз кармалып келгени үчүн сабаган.

Сабалган аялдын баш мээси чайкалганы белгилүү болду. Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, аталган киши жубайына буга чейин да кол көтөрүп жүргөн.

Аталган окуя Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул окуя 15-июнда өкмөттүн алдындагы Аялдардын иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралмакчы. Мындан сырткары өкмөт да аталган окуяны көзөмөлгө алганын кабарлаган.

Ошондой эле 14-июнда саат 21:00дө @tajadymm инстаграм баракчасында үй-бүлөлүк зомбулук темасына арналган онлайн митинг өттү. Ага миңдеген адам катышты. Мындай митинг Кыргызстанда экинчи жолу уюштурулду. Буга чейинки онлайн митинг коррупция, чек ара көйгөйлөрү, жакырчылык темасына арналган.

ИИМдин орун басары Памир Асанов үстүбүздөгү жылдын 15-январындагы парламенттин отурумунда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 2019-жылы 8000ден ашуун арыз каттаганын билдирген. Анткен менен бул иштердин 86 пайызы жабырлануучу тараптын тосмо арыз жазганына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Жабырлануучулардын бири «Клоопко» тергөөчү ага арыз жазбай, чыдоого кеңеш бергенин айткан. Себеби, сот анын жолдошуна чоң суммадагы айыппул салаарын эскерткен. Күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок болгондуктан айыпты жабырлануучу өзү төлөп калмак. Ошондуктан ал арыз жазуудан баш тарткан.