Бир цитата менен: Экс-мэр Албек Ибраимов анын өкүмү боюнча чечимди ким чыгараары тууралуу


«Азыр мени актасаңар деле силерге ыракмат айтпайм, анткени чечим чыгаруу борбору бул жерде эмес, Москванын Кызыл аянтында жүрөт».


«Азыр силер мени актасаңар деле силерге ыракмат айтпайм, анткени чечим чыгаруу борбору бул жерде эмес, Москванын Кызыл аянтында жүрөт».

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов анын өкүмүнүн апелляциясы каралып жаткан Бишкек шаардын сотунун отурумунда ушинтип айтты. Кыязы ал чечимди президент Сооронбай Жээнбеков чыгарат деген мааниде айтты болушу керек. Президент Москвадагы Жеңиш парадында болушу керек эле, бирок ал парадда жок, анткени кыргыз делегациясынын мүчөлөлөрүндө коронавирус аныкталган.

Ибраимов жана дагы бир экс-мэр Кубанычбек Кулматов 2019-жылы декабрда коррупция боюнча күнөөлүү деп табылышкан.

Анда Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкканы менен айыптоо мурдагы мэрди 20 жылдык жазага тартууну суранган. Кулматов беш млн сом айыпка жыгылып, мүлкү конфискацияланып, бирок сот залынан бошотулган. Айыптоо аны 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Ошол эле иш боюнча өтүп жаткан мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын (КМККБ) мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов, «Калыс-Ордо» конушундагы мекетептин курулушунун жалданмачы компанияларынын башчылары Сейиткан Алиев жана Кубат Шаршекеев да айып пулга жыгылып, сот залынан бошотулушкан.

Аткаминердин экөөсү тең коюлган күнөөнү моюндарына албай аппеляция беришкен — эми сот аларды кайрадан мүлкүн конфискациялап, 20 жана 15 жылга эркинен ажыратууну суранууда, эгер алар соттолуп калса, анда Кулматов кайрадан сот залынан кармалат.