Президент Жээнбеков Москвада катыша албай калган Жеңиш парадынан кайтып келди

Сүрөт: Акорда

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-июнда Москвадан кайтып келди. Ал Жеңиш парадына барып, бирок кыргыз делегациясынын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу парадга катыша албай калган. Алтургай президент Москвада беткап да тагынып жүргөн, бирок президент Владимир Путин менен Кыргызстанга учаардын алдында телефон аркылуу гана сүйлөшө алган.

Президенттин администрациясы делегациянын мүчөлөрүндө коронавирус аныкталгандан кийин сапарга чыгаар алдында алар тест тапшырганын жана жыйынтыгы таза болгонун кабарлаган. Бул жагдай кыргызстандыктарды соцтармактарда коронавируска текшерген тесстердин сапатын сынга алуусуна түрткү кылган.

«Биздин ПЧР-тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 күн изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», — деп билдирди 25-июнда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Москвада коронавирус президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдо жана президенттин сакчыларынын бир кызматкеринде аныкталган.