Аймактык оорукананын медкызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып, коронавирус менен ооруган 80 кишини айыктырышты. Ошентип алар эпидемиянын биринчи толкунун жеңишти. Бул кантип алардын колунан келди?
«Бизде бул жерде коронавируска ишенген адам жок!» — деп нааразы болду Ат-Башы аймактык ооруканасынын врачы Нурбек Төлөнов. Бул Нарын шаарынан 50 чакырым алыстыктагы чакан Ат-Башы айылы, ал Ат-Башы районунун борбору.
Бул жакка келе жатканда таксидеги жергиликтүү тургундар вирустун жок экенин айтып, бар болсо да Нарындын жашоочуларынын күчтүү иммунитетине алы жетпейт деп ишендирип бара жатышты. Бирок учурда Нарын облусу COVID-19 жуктургандар боюнча аймактардын арасында сап башында келе жатат — бул жерде 464 адам вирус жуктуруп алган. Бирок бир гана Ат-Башы районунда азырынча вирусту жеңе алышты.
«Кээ бири вируска ишенбейт, дагы башкасы биз бул жерде чоң акча алып иштеп жатышат деп ойлошот. Бирок ошентип ойлогон жөнөкөй киши, же депутат жөн гана бул жерге келип бир күн иштеп көрсүнчү», — дейт Нурбек. 30 жаштагы врач Нарын облусуна Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган кезде эки жарым ай мурда келген. Төлөновду Бишкектен Ат-Башы райондук ооруканасына иштөөгө жиберишкен. Борбор калаада ал бир жарым ставка менен «тез жардамда» жана жарым ставка менен ооруканада терапевт болуп иштеп жүргөн.
Азыр өзү жана кесиптештери үчүн аз да болсо тынчыраак күндөр келди. Буга чейин оорукана COVID-19 жуктургандарга толуп турганда врачтын бардыгы адистигине карабай бейтаптар менен иштешкен. Алар бир суткада 15-20 саат тынбай иштеп, күнүнө байтаптарга беш жолудан кирип, ар кирген сайын коргоочу костюмдарды сөзсүз кийишкен.
Эгер мурда медперсоналдын жада калса өзөк жалгап алганга убактылары жок болсо, азыр врачтар менен медайымдар тынчыраак отуруп бирге тамактанып калышты.
«Биз иммунитетибизди көтөрүп турушубуз керек, ошондуктан ар кандай тамак алганга аракет кылабыз», — дейт улук медайым Бактыгүл Жумашева жер-жемиштен жасалган салатты, конфеттерди көрсөтүп, андан бизге да ооз тийгизди.
Азыр Ат-Башы ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жети адам эле калды. Баарынын коронавируска тапшырган тесттери терс чыккан, бирок вирустун бардык белгилери сакталууда. Дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, кандагы кычкылтектин аз болушу жана энтигип дем алуусу дагы деле кете элек. Расмий түрдө баарына тең пневмония жана анын башка түрлөрү боюнча диагноз коюлган.
Бирок ооруган адамдарда коронавирус аныкталбаганына карабастан, алар «кызыл тилкеде» болушат, ал эми медкызматкерлер бейтаптарга текшерүү үчүн, же тамак-аш берүү үчүн гана киришет. Алар дайыма коргоочу костюм кийип жүрүшөт. Мындай кийим менен бир сааттан ашык жүрүүнүн өзү эрдик. Костюм кыймыл-аракетти оорлотот, респиратор менен жакшы дем ала албайсың. Ал эми психологиялык чыңалуудан улам булардын бардыгын жасоо андан бетер оор. Дарыгерлер мындай кийим менен күнүнө 3-5 саат иштешет.
Пневмония менен ооругандар ар башка бөлмөдө жатып, бири-бири менен байланышпайт. Жаштардын да, улгайгандардын да башкы эрмеги интернеттен видео көрүү жана WhatsApp аркылуу туугандары менен баарлашуу. Бул жерде жаткандар сыртта жүргөндөргө караганда коронавирустун бар экенине толук ишенишет.
30 жаштагы Дастан бул жакка өпкөсү эки тараптан жабыркап түшкөн: дене табы 40тан түшпөй, ал эми канында кычкылтектин курамы 50%га чейин түшүп кеткен (95% норма деп эсептелет). Алгач врачтар Дастанды аман алып калуу мүмкүн эмес деп ойлошкон.
«Врачтарга рахмат. Алар болбогондо мен эмне болот элем? Ооба, дарылоо алардын милдети, бирок азыр оор мезгилде оор күрөш жүрүп жатпайбы», — дейт Дастан. Ал бир жума жакшы дарылангандан кийин басып калды, сүйлөгөндө демикпей калгандыктан ооруканадан чыгууга камынып жатат.
Бир өпкөсү жабыркап, жөтөлүп, дене табы жогорулап ооруканага түшкөн 38 жаштагы Мунара да айыгып калды.
«Жанагы мультфильмдеги Машача эле: “Мишка-а!” — деп врачтартарды күнүгө беш жолу чакырып жаттым. Алардын жумушу абдан оор. Келген сайын атайын формасын кийип келишет — аны менен басып жүргөн да кыйын экени көрүнүп турат», — дейт врачтарга ыраазычылыгын айткан аял.
Коркутууларга карабай ооруканага жаткыруу
Өткөн бир жарым айды медперсоналдын баары элес-булас эстеп калды. Себеби, күндөрдүн баары бир күнгө чогулуп калгандай элес калтырган. Ал күндөрү бардыгы ооруканадан чыкпай жашашкан, коронавирус жуктургандардын аягы суюлбай күн сайын беш-он жаңы бейтап түшүп турган.
Ресурстар чектелүү болгонуна байланыштуу оорукана COVID-19га чалдыккандарды жана өзүнчө имаратта төрөтү шашылыш болгондорду кабыл алып турган. Башка диагноз менен келген бейтаптарды Нарынга жөнөтүшкөн.
Обсервациядан күнү-түнү ооруган адамдар келип жатты. Дарыгерлер аларды ооруканага жатууга көндүрүү кыйын болгонун айтып беришти, анткени, көбү үйгө коё берүүнү өтүнүп дарыгерлерге кыйкырып, керек болсо сөгүп салганга чейин барышкан.
«Ооругандардын кезектеги тобун алып келишкенде арасында мас бирөө бар болчу, эшигибизди талкалап сала жаздаган. Жини келип, сөгүнүп, азыр медиктердеги форманы айрып, аларга вирус жугузам деп коркуткан», — деп эскерет улук медайым Бактыгүл Жумашева. Медкызматкерлерге мындай учурларда өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөтүшөт, бирок милициянын жардамы жок чектен ашкан бейтаптарды тынчтандыруу мүмкүн эмес.
Доктурлар ооруп калгандардын көбү ВИЧ жана венерикалык ооруларга чалдыккандар сыяктуу келечекте сөзгө калып, элден чыгып калуудан коркушаарын айтышат. Адамдар эгер аларда коронавирус тастыкталган болсо, анда алар менен туугандары катышканды токтотуп, кошуналары качып, той-аштарга бара албай калабыз деп коркушат. Ошондуктан бейтаптардын көбү ооруканага жатуудан таптакыр эле баш тартып, үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышат.
Апрелдин аягында Ат-Башы райондук ооруканасынын бейтабы соцтармактарда вирустун бар экенинен күмөн санап, ага 24 күндүк дарылануу учурунда бир да дары беришпегинин жана ооруканадан айыккан адам катары чыгарып коюшканын айткан видео тараткан.
Бул видео врачтарды чоң стресске кептеген. Интернеттеги фейк жана ар кандай ушак-айың кептердин айынан ансыз да вирустун бар экенине ишенбей турган жергиликтүү калкты бул видео ого бетер сарсанаа кылган.
«Кыздар аны баладай эле карап жатышты. Күнүнө эки-үч жолу тамчылатма дары куюп, дары-дармек беришти. Мындай оор жумуш үчүн, айыктырышканы үчүн “рахмат” деп деле койсо болмок. Бирок анын айткандарын угуп алып нес болуп отуруп калдык!» — дейт улук медайым Жумашева.
Иш бөлмөсүндөгү керебет
Ат-Башы ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиев 14-июнда араң үйүнө барган. Ал коронавирус менен күрөшүү учурунда дээрлик эки ай иш бөлмөсүндо жашаган. Иш бөлмөсүнө оорукананын бөлүмүндөгү керебетти киргизип, үйүнөн бир баштык керектүү буюм-тайымдарын алып келип, дээрлик 2-апрелден тарта оорукананын аймагынан тышка чыккан эмес. Ал бир эле спорт кийимин үч жумадан ашык кийип жүргөнүн айтып берди.
Башкы врачтын компьютеринин башкы бети маалыматтарга жык толгон. Анын бардыгы башка өлкөлөрдүн коронавируска каршы күрөшүү тажрыйбасы тууралуу маалыматтар.
Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуккан адамдарды дарылоо боюнча биринчи нускаманы араң 30-мартта чыгарып бергенин айтат. Ал эми дарыгер өзү кызматкерлерин опурталдуу вирус менен күрөшкө үч жума мурда даярдай баштаган. Ал интернеттен кытайлык ишкер, «АлиБаба» тобунун түптөөчүсү Жек Ма тараткан кытайлык врачтардын нускамасын таап алган.
«Эң башкысы үч тилке жана эки өтмөк уюштуруу керек болду. Башында муну эч ким билбегендиктен аны сакташкан жок. Ошондуктан Кыргызстанда медиктердин арасында оору жуккандар* көп болду», — дейт Бейшеналиев.
*Эпидемия башталгандан бери Кыргызстанда 600дөн ашуун медик COVID-19 жуктуруп, жарымынан көбү азыр айыгып чыккан.
Таза тилке — бул оорукананын медкызматкерлер жайгашкан бөлүгү. Алар бул жерде бейтаптарды текшерүүгө даярданышат, тамактанышат жана эс алышат. Бул жакка COVID-19 тастыкталган же анын белгилери бар кимдир-бирөөгө кирүүгө тыюу салынган. Бул аймактан чыгуу үчүн медкызматкерлерде өзүнчө жол бар — ал жол менен алардан бөлөк эч ким баспайт.
Таза тилкеде оорукананын кызматкерлери бейтаптарды кароо үчүн кийинүүгө бири-бирине жардам беришет. Медкызматкер эки коргоочу костюмду (биринчи такай колдонуулуучу, анын үстүнөн бир жолу колдонулуучу), респираторду, медициналык көз айнектерди, резина өтүктөрдү киймейинче ал андан ары чыга албайт. Костюмдун жеңдеринен, жакасынан жана шымдын багалегинен аба кирип кете тургандыктан алардын бардыгы канцелярдык скотч менен оролот.
Эшиктин ары жагында жарым-жартылай кир тилке, ал таза тилкеден полиэтилен менен бөлүнүп тосулган. Врачтар бейтаптарга андан өтүп кир тилкеге киришет — башкача айтканда ал «кызыл тилке» деп аталат. Оорукананын бул бөлүгүндөгү палаталарда коронавирусу бар бейтаптар жатышкан, азыр болсо ал жакта коронавируска шектелгендер жатат.
«Кызыл тилкеде» коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору, ошондуктан бир күндө эки жолу бул жерде дезинфекци жүргүзүлөт, ал эми коридорлордо ультракызгылт көк лампалар турат — алар абадагы вирусту жарым сааттын ичинде жок кылат.
Бейтаптарды карап чыгышкандан кийин дарыгерлер жарым-жартылай таза эмес тилкеге кайтып келишет. Алар бул жерде инструкция боюнча костюмдарын, беткаптарын, көз айнектерин жана өтүктөрүп чечишет. Мындан кийин 75 пайыздык спирт менен жуунуп (бул учурда такыр дем албай, көздү катуу жумуш керек), душка жөнөшөт.
«Азыр костюмду кандай чечип жатканымды көрдүңөрбү? Башында ар бир кыймылдан оору жуктуруп алабыз деп калчылдай түшчү элек, азыр болсо көнүп калдык, тынч эле чечебиз», — деди Нурбек Төлөнов сыймыктанып.
Ат-Башынын ооруканасында боло турчу эпидемияны эске алуу менен аймактарга бөлүштүрүүнү инфекциянын биринчи учурлары катталганга чейин эле уюштурушкан. Башкы дарыгердин айтымында, кызматкерлер өзүмө жана кесиптештериме вирус жугузуп алам деп коркпой тынч иштеши үчүн ооруканада коргоочу костюмдар, респираторлор жана беткаптар жетиштүү.
Душтан кийин врачтар коргоочу костумунун алдындагы кийимдерин чечип ыргытып кир жуугучка салып, андан кийин гана таза тилкеге өтүшөт. Мурдараак врачтар кийимдерин колго жууганга аргасыз болушкан, эми аларда кир жуугуч машина бар. Коронавирус жуктургандардын биринчилери пайда болоору менен башкы дарыгер Илим Бейшеналиев жергиликтүү дүкөндөрдү кыдырып, бизнесмендерден жардам сураган.
«Алар менен сүйлөшүп, бул мен үчүн же оорукана үчүн эмес, адамдар үчүн деп түшүндүрүп бердим. Ыңгайлуу, коопсуз болушу үчүн, инфекция жайылбашы үчүн. Ошентип бизге төрт кир жуугуч машине тартуулашты. Акча менен 50 миң сомго чукул чогулттук — даарат кагазын, самын, электрондук тонометрлерди сатып алдык. Башында коридорлордогу ультракызгылт лампалардын айынан медперсоналдын көзүнүн айнек челдери күйүп, ириңдер чыккан — аларга дары сатып берип жаттык», — дейт ал.
Мурда чума болсо, эми коронавирус
Жугуштуу оорулар менен ат-башылык врачтар коронавирус эпидемиясына чейин эле жакындан тааныш, себеби чума жана сибирь жарасы район үчүн мүнөздүү деп эсептелет. Бирок ага карабастан COVID-19 менен күрөшүү медкызматкерлер үчүн абдан жүдөтмө жана оор болуп чыга келген.
«Мен транска түшүп калгандай болдум. Күндөр билинбей өтүп жатты, эмне кылганымды анализдегенге жетишпей жаттым. Азыр мен эмне ичип, эмне жеп, ким менен сүйлөшкөнүм эсте жок. Күндө түнкү 2-3кө чейин штабдар, госпитализациялар. Көз алдымда Италия, Испания мисалдары. Жеңебизби, жеңбейбизби деген коркунуч», — деп эскерди башкы дарыгер эпидемияга каршы күрөшүү апталарын.
Жыйынтыгында жеңе алдык. Ат-Башыда COVID-19 тастыкталган 80 бейтаптын бардыгы айыктырылды. Ат-Башы районунун аймагынан коронавирус жуктуруп алган акыркы бейтап 7-майда ооруканадан айыгып чыгарылганда Бейшеналиев биринчи жолу оорукананын аймагынан тышкары чыккан.
«Ошондо мен көчөгө чыгып таң калдым: “Мына сага — бак-дарак бүрдөп, чөп чыгыптыр! Адамдар басып жүрүшөт, жашоо кайнап жатат”. Тышта көп деле жүрө алган, Бишкектен тажыяга келген үч адамдан илдет чыгып аларды алып келатышканын телефондон аштышты», — деди башкы врач.
12 миң сомдук айлыкка тете болбогон жоопкерчилик жана стресстин айынан Бейшеналиев далай жолу кызматынан кетип калгысы келген. Ал эми адамдардын карантин талаптарын аткарбай, коронавируска ишенбегени ого бетер анын бул оюнун тууралыгын бекемедеген.
«Башында жиним келип керебетте жатып, бул жерде эмне кылып жүрөм деп ойлочумун. Эмне үчүн иштеп жүрөм, бул кимге керек? Калктын көбү түшүнүшпөйт. Биз ушунча көп адамды айыктырдык, а көчөдө, фейсбукта бизге: “Жөн эле иштеп жүрөсүңөр. Эмнеге каршы күрөшүп жатасыңар? Дон Кихоттой, жел тегирмендерге каршы күрөшүп, эч кандай ажыдаарлар, вирустар жок” деп айтышат», — деп Бейшеналиев өкүнүү менен эскерди.
Болгон бардык кыйынчылыктарга карабай Ат-Башы бүгүн өз убагында кам көрүп, врачтардын эмгегинин арты менен коронавирусту убактылуу болсо да ооздуктай алды.
«Бишкектин жана Нарындын кайгысы эмнеде — жуктуруу булагын таппай жатышканында. Ооруп калгандардын кимден жуктурганы түшүнүксүз. А бул жерде биз шектүүлөрдү чектеп, ким менен байланышканын сурап, бардыгын камтый алдык. 10 күндүн ичинде 1000ге чукул анализ жасадык. Эмне үчүн бизде жуктуруу учурлары ушунчалык көп? Биз болгону кеңири камтып, тестти көп өткөрдүк», — деп дарыгер тажрыйбасы менен бөлүштү.
Азыр жергиликтүү обсервациялар ээн калды. Оорукана башка диагноз коюлган бейтаптарды да кабыл алууда, ал эми аймактагы ашканалар менен кафелер ачылды.
Эс алмай жок — экинчи толкун
Аймактык ооруканадан алыс эмес жерде, коңшу көчөдө Үй-бүлөлүк медицина борбору жайгашкан. Анын жанында, короодо аскер чатыры тигилип турат — COVID-19 илдетине шектелгендер башкаларга жугузбашы үчүн дарыгерлер бул жерде дене табы жогору болгон бейтаптарды кабыл алышат.
Доктурдун кабылдамасына кирүү алдында коргоочу кийимдерди кийишет. Аны кийбей да коё алышпайт, себеп дегенде коронавирусту өз жон териси менен сезишкен. ҮМБнын үч кызматкери коронавирус менен ооруп айыгышкан.
Врач Жамиля Аширбаева Сауд Аравиясынан, Орусиядан жана Кыргызстандын түштүгүнөн келгендер менен кошо обсервацияга жөнөтүлгөн медкызматкерлердин биринчилеринин катарында болгон. Алардын 14 күндүк нөөмөтү аяктап калганда, түндө обсервациядагы бир адамдын дене табы дароо көтөрүлүп, чыйрыга баштаган.
«Ооругандардын биринчисин аныктаганда коркунучтуу болгон, дүрбөлөң башталган. Биз колдо бар болгон коргоочу костюмдарды кийгенбиз. Кызыл тилке жасадык, бирок буга карабастан, бир нече адам коронавирус жуктуруп алышкан», — деп айтып берди Аширбаева.
Анын айтмында, жергиликтүү мектеп обсервацияга арналып жабдылган, бирок шарт жок болчу. Ал жакка керебеттерди алып келишкен, бирок апрелдеги Нарындын түңкү суугунда жылытуу системасы жок өтө суук болгон.
Айым Көбөгөнова, 63 жаштагы лаборант. Ал обсервацияда коронавирус жуктуруп алган үч медкызматкердин бири. Жаш курагына карабастан, эреже боюнча, ал коркунучта тургандардын тизмесине кирбейт, себеби 65 жашка чыга элек, ошондуктан Айым кезметке жөнөтүлгөн.
Ал ошол күндөрү Ат-Башыда жамгыр жаап, көп жолу колдонулуучу коргоочу костюмдар дезинфекциядан кийин жакшы кургабай калган учурлар болгонун эстейт. Көбөгөнова нымдуу костюмдарды көпкө кийип жүргөнү үчүн анын иммунитети начарлап, вирус жуктуруп алдым деп ойлойт.
Айымдын буту ооруйт, ал бир нече операция жасаткан. Анализдин жыйынтыгы чыгып, ага илдет жукканы ырасталганда аман калбайм деп ойлогон.
«Жаш медайымдарыбыз балдарыбыз ким менен калат деп ыйлашты. А мен болсо өзүм үчүн бул жерде жыйынтык бир эле, эч нерсе өзгөртө албасымды түшүндүм. Балдарыма, күйөөмө ооруп калганымды айткан жокмун, алар мени жөн гана обсервацияга кезметке кетти деп ойлошкон», — дейт Айым.
Бактыга жараша ал жана ооруп калган башка медкызматкерлер акыры айыгып чыкты. Айымдын дене табы өтө жогору болгон эмес эле, бирок коронавирустан кийин бутунун ооруганы күчөп кеткен. Азыр Көбөгөнова бир аз аксап, сылтып басат. Ошентсе да ал жумушка чыгып иштеп жүрөт, себеби ҮМБде жумушчулар жетишсиз.
Ат-Башынын дарыгерлери даяр турушат — эртели кеч бул жерде эпидемиянын экинчи толкуну болот деп күтүшөт. Азырынча баарынын маанайы жайдары, медкызматкерлер көп убакыттан бери изилдене элек оору менен ооруган бейтаптарга кабатырланбай туугандары менен көрүшүп, тынч уктай алышат.
— Чоң апам мурда чума эпидемиясы кандай болгонун айтып берген, эми мен неберелериме коронавирус тууралуу айтып берем, — дейт «кызыл тилкеден» саналуу гана кадам аралыкта жайгашкан оорукананын ашканасында чай ичип отурган улук медайым Бактыгүл.
Анын жаш кесиптеши Нурбек минтип кыялданат:
— Мен аңгемени мындай баштайм: «Илгери-илгери 2020-жылы сенин чоң атаң...» — деп андан ары башыбыздан өткөндөрдү айтып берем.
Редактору: Дмитрий Мотинов
Которгондор: Кайрат Замирбеков, Алмир Алмамбетов
Котормонун редактору: Расул Үсөналиев
Репортаж «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.
Бул текст жана андагы сүрөттөр Creative Commons CC BY лицензиясы боюнча жайылтуу үчүн ачык. Сиз авторун көрсөтүп, кайра жарыяласаңыз болот.
КОШУМЧА ТӨМӨНКҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ ДА ОКУҢУЗ: