Кыргызстанда коронавирустан дагы 50 бейтап айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июнга карата коронавирустан дагы 50 бейтап айыкканын кабарлады – алардын 11и медкызматкер.

Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 26.

Ошондой эле Чүй облусунда — 5, Ош шаарында — 3, Ош облусунда — 7, Нарын облусунда — 6 жана Жалал-Абад облусунда 3 бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2212 ге жетти — алардын 414ү медкызматкер. Ал эми оорудан 46 киши кайтыш болду.

Учурда стационарда 628 адам дарыланып жатат — алардын он экиси ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө.