Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылды — ал жандандыруу бөлүмүндө

26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы жүз берип, анда эстрада ырчысы Асел Кадырбекова жабыркады. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Кадырбекованын унаасын катуу ылдамдык менен бараткан тез чара көрүүчү топтун кызматтык унаасы сүзүп алган.

Кадырбекованын өкүл энеси, ырчы Неля Нуркулова окуяны тастыктады.

«Кагылайын калың-журт, оор сыноо башка келип, өкүл кызыбыз Асел кырсыкка кабылып, ооруканада оор абалда. Жаратуучудан алакан жайып жалбарып, ырайым тилеп, дуа кылып коюңуздарды өтүнөм...», — деп жазды ал фейсбук баракчасында.

Кадырбекова жана кырсыкка кабылган дагы эки киши Бишкек шаардык №4 оорукананын трамвотология бөлүмүнө жеткирилген. Оорукананын жетекчиси Алмазбек Кубатов «Кактус» басылмасына ырчынын баш мээси жабыркаганын жана ал «өтө оор абалда» экенин билдирди. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.